"Түндүк электр" ишканасына жаңы жетекчи келди

© Фото / пресс-служба ОАО "Северэлектро"20-летие ОАО "Северэлектро"
20-летие ОАО Северэлектро - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Жаңы жетекчи бир нече жыл мурун "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын башчысы болгон. "Түндүк электрдин" ага чейинки жетекчиси чуу менен кеткен.

БИШКЕК, 20 авг — Sputnik. Азамат Кожомкулов "Түндүк электр" ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Чечим уюмдун директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кожомкулов бир нече жыл мурун "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын башчысы болгон.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтынды" жетектемей болду
"Түндүк электрдин" буга чейинки жетекчиси Улан Астаркулов да директорлор кеңешинин чечими менен иштен бошотулган. 2020-жылы октябрда компаниянын кызматкерлери анын дайындалышына каршы бир нече жолу митингге чыгышкан. Алар Астаркулов кылмыш ишинин фигуранты экенин айтып, буга чейинки башчы Доскул Бекмурзаев кызматтан мыйзамсыз алынганын айтышкан.

Акциянын катышуучулары Бекмурзаев иштен кетем деп арыз жазбаганын жана Астаркулов кызматка мыйзамсыз дайындалганын билдиришкен. Өкмөт мурдагы жетекчи чечимге нааразы болсо сотко кайрыла аларын айтып, нааразычылыктар токтогон. Ал эми июнда Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0