Мэр болуп калсам... Ош шаарын убактылуу башкарып жаткан Мамбетовдун убадалары

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОш шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов. Архив
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Мамбетов калаа бюджетин дагы 500 миллион сомго көбөйтүүгө болорун айтып, бул боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма коюлгандыгына токтолду.

ОШ, 23-авг. – Sputnik. Бүгүн, 23-август күнү, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө ал аталган кызматка шайланып калса, кандай жумуштарды аткарарына токтолду.

Мамбетов 21-кылымда Ош шаарында суу жок деген түшүнүк болбошу керек деген пикирде.

"Аэропорттон түшөрүм менен эле калаада суу боюнча көйгөй бар экенин көрдүм. Калаа жашоочуларын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу үчүн иш үч багыт боюнча каралып жатат. Борбор калаадан атайын адистер чакырылды. Алар менен маселени чечүүнүн жолдору талкууланууда. Мисал катары айтсам, Израиль мамлекетинде 600 чакырым аралыктан түтүк аркылуу суу тартылган. Ошто суу маселеси жолго коюлгандан кийин ага төлөнүүчү бааны карап чыгуу керек", — деди ал.

Ал эми калаа ичинде көп кабаттуу үйлөргө жакын курулуп, иштеп жаткан май куюучу жайлардын ээсине жер берүү аркылуу шаардын четине көчүрүп, маселени чечүүгө боло тургандыгын айтып өттү.

Мамбетов калаа бюджетин дагы 500 миллион сомго көбөйтүүгө болорун айтып, бул боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма коюлгандыгына токтолду. Анын пикиринде, учурда ишкерлердин 30-40 пайызы кирешесин жашырып салык төлөбөй келет.

Назначение на государственные должности - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Бишкек, Ош, Токмоктун мэрлерин шайлоо. Талапкерлердин соңку тизмеси
"Ош шаарынын бюджетин дагы 500 миллион сомго жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн Салык кызматы аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте көмүскө экономиканы жоюу багытында катуу иш алып барышы зарыл. Ошондой эле бирдиктүү электрондук базаны иштеп чыгуу учурдун талабы", — деди ал.

Мэрдин милдетин аткаруучу жыл аягына чейин бул багыттагы иштерди бүтүрүүнү мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнө, Салык кызматына тапшырган.

Ал эми Мамбетовдун борбордук аянтка фонтан куруу демилгесине калаа тургундары нааразычылык билдирип, башка социалдык көйгөйлөр чечиле электе бул сунуш орунсуз деп сынга кабылган.

"Ар бир шаардын борбору болот. Ошол борбордо канчалаган расмий иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондуктан калаанын борбору көрктүү жана анын статусуна төп келиши керек. Ошол максатта борбордук аянтка фонтан курууну туура деп эсептейм. Демилге демөөрчүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат", — деп жооп берди.

Мамбетов Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорун улантып, аягына чыгаруу ниети бар экенин билдирди.

Бул курулуш долбоору 252 миллион сомго бааланган. Учурда жарым акчасы шаардын казынасынан бөлүнүп, иш жүрүүдө. Мамбетов долбоордун жалпы шаарга жана шаардыктарга кереги тиерин белгилеп, ишти жарым-жартылай токтотуп коюу туура эмес экенин айтты.

Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Облустарга бөлүнүп, 36 депутатты шайлоо округу бекитилдиби? БШКнын жообу
"Бардык шаарлардагы суу бар жерлерде жөө басканга, велосипед тепкенге, келген туристтерге жакшы шарт түзүлгөн. Эми жарымына келип калган ишти мен келип туруп эле токтотуп койгонум туура эмес көрүнүш. Жарым акчасы республикалык бюджеттен каржыланат экен. Азыр ошону бөлдүрүп, аягына чыгарышыбыз керек", — деди ал.

Мамбетов, мындан сырткары, алдыдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо административдик ресурс колдонулбай тургандыгына убада берди. Ошондой эле айрым жетекчилер сыяктуу "кылмыш дүйнөсү" менен тыгыз байланыштагы спортчулардан турган колдоочулары жок экендигин, андай аброю булганган, тажрыйбасы жок жарандарды кызматка албай тургандыгын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0