Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив

Тергөө абагындагы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты

130
(жаңыланган 10:40 24.08.2021)
Мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев азырынча 50 миллион сом төлөгөн. Ал январдын башында камакка алынган эле.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты УКМКдан тастыкташты.

"Ал 50 миллион сом төлөдү. Тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмокчу", — дешти аталган комитеттен.

Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле. Андан сырткары, активдерин мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, курулушка инвестиция салган делген.

Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Абылгазиев өкмөттү 2018–2020-жылдары башкарган.

130
Белгилер:
Кыргызстан, Мухаммедкалый Абылгазиев, УКМК, камак, үй камагы
Тема боюнча
Асылбек Жээнбеков УКМКнын тергөө абагында калды
Темир Сариев эки айга камакка алынды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Бүгүн Садыр Жапаров БУУ трибунасынан дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасайт

47
(жаңыланган 09:52 21.09.2021)
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бир жума бою БУУнун алкагындагы ар тараптуу жолугушуу жана иш-чараларга катышат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жалпы дебаттары ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында бүгүн түштө президент Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулуктун алдында онлайн режимде кайрылуу жасайт.

Мамлекет башчынын тапшырмасы менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 23-сентябрда деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат. Андан соң Өзөктүк куралды сыноого ар тараптуу тыюу салуу жөнүндө келишимдин күчүнө киришине көмөк көрсөтүү боюнча конференцияда сүйлөйт. 24-сентябрда Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо, 28-сентябрда Өзөктүк куралды толугу менен жок кылуу эл аралык күнүнө карата кеңешмеде болот. Ошондой эле министр БУУнун жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

47
Белгилер:
Руслан Казакбаев, Садыр Жапаров, кайрылуу, БУУ
Тема боюнча
БУУ дүйнө коомчулугун Афганистандын жаңы өкмөтү менен диалогго барууга чакырды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты

220
(жаңыланган 21:51 20.09.2021)
Бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26 адам жаракат алган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу Россия лидери Владимир Путинге жана Россия элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун кесепетинен адам курмандыктары болгон окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Ошентип, шектүү кармалган.

220
Белгилер:
Россия, Пермь, ок чыгаруу, өлүм, полиция
Тема боюнча
Пермь университетинде студент ок чыгарып, 8 киши каза тапты. Видео
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Алматы шаарында ок атуу болгон жердеги полиция кызматкерлери

Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

0
(жаңыланган 10:08 21.09.2021)
Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургун беш адамды атып салган.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Алматы шаарында ок атуудан каза болгондордун бири турак жайдын жаңы кожоюну болгон. Бул тууралуу Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон.

Маалыматка караганда, үй ээси банкка карызын төлөй албай, тамынан кол жууган. Турак жай үчүнчү тарапка сатылган. Кийин ал үйдү бошотпой жүргөндө жаңы кожоюн сотко кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

"Кечээ аны үйдөн чыгаруу үчүн сот аткаруучу, эки полиция кызматкери жана үйдүн жаңы ээси келген. Ошол учурда 54 жаштагы жаран ок чыгарып, беш киши каза болду. Алардын бири үйдү сатып алган адам болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Шаар жетекчиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга жардам берилерин кошумчалады.

 

0
Белгилер:
Казакстан, Алматы, сот, чечим, үй, полиция, атышуу
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды