Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР встретился с главами международных организаций
Президент КР встретился с главами международных организаций - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Курамы:

  • Кыргызстандын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы — Садыр Жапаров;
  • Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары — Таалатбек Масадыков;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы — Марат Иманкулов;

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы — Талант Мамытов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасы — Улукбек Марипов;
  • Президенттин администрация башчысы — Сүйүнбек Касмамбетов;
  • мамлекеттик катчы — Чолпонбек Абыкеев;
  • башкы прокурор — Курманкул Зулушев;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — коргонуу министри Таалайбек Өмүралиев;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков;
  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0