Бишкек шаарына мэр шайланды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
45 жаштагы Айбек Жунушалиев буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарына мэр болуп Айбек Жунушалиев шайланды.

Бүгүн шаар жетекчисин шайлоо маселеси Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралып, депутаттардын 43ү Жунушалиевдин мэр болуп калышына макулдугун берди. Эки депутат каршы экенин билдирди.

Жунушалиев добуш берүүгө катышкан жалгыз талапкер болду. Аны өкмөттүн көпчүлүк коалициясы сунуштаган. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп келген Жунушалиев 12-августтан бери ордо калаанын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан.

Эске салсак, бул 2020-жылдын октябрь айынан бери алгачкы шайланган мэр. Бийлик алмашкан соң ага чейинки жетекчи Азиз Суракматов отставкага кетип, ошондон бери мэрдин милдетин бир нече адам аткарган.

Sputnik агенттиги улам алмашкан мэрлердин кимиси канча убакыт иштегени тууралуу инфографика даярдаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0