ЖКнын экс-депутаты Урмат Самаев Токмокко мэр болуп шайланды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Урмат Самаев. Архив
Депутат Урмат Самаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Самаев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бүгүн ал шаардык кеңеш депутаттарынын көпчүлүгүнүн добушу менен калаа башчысы болуп шайланды.

БИШКЕК, 26-авг. – Sputnik. Бүгүн, 26-август күнү, Чүйдүн Токмок шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында Урмат Самаев калаа мэри болуп шайланды. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына чыкты.

Жыйынга катышкан 30 депутаттын 19у аны колдоп добуш берген. Ал коалициялык көпчүлүк ("Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы", "Эл биримдиги") тарабынан сунушталган. Ага "Эмгек", "Асыл Мурас Жаштары" партияларынан түзүлгөн азчылыктан көрсөтүлгөн Кубатбек уулу Азат атаандаштык кылды. Ага 11 добуш берилди.

Бүгүн Бишкек менен Ош шаарларынын башчылары да шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0