Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйындагы Жогорку Кеңештин депутаты. Архив
Жыйындагы Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Эл өкүлдөрү каникулга 30-июнда кеткен. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары жайкы тыныгуудан кийин алгачкы сессиясына чогулушту.

Жыйын Кыргыз Респуликасынын гимни менен башталды.

Деятельность Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
ЖК депутаттарын жаңы эреже менен шайлоо. Жапаров мыйзамга кол койду
Эске салсак, депутаттар каникулга 30-июнда кеткен. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана КРдин Жогорку Кеңешинин регламентинин 34-беренесине таянып, 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган. Ага Конституциянын өзгөрүшү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абал себепкер болгон. 29-июлда депутаттар келип түшкөн мыйзамдарды, Баш мыйзамды кабыл алып, кайрадан эс алууга кеткен.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 28-ноябрга белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0