Добуш берип жаткан адам. Архив

Жактырган талапкерге добуш бере аласыз. Парламенттик шайлоодогу жаңы эреже

1996
(жаңыланган 14:26 03.09.2021)
Жогорку Кеңештин шайлоосуна үч айга жетпеген убакыт калды. Шайлоо жаңы эрежелер менен өтүп, жарандарга эки бюллетень берилет. Шайлоочу партия менен кошо өзүнө жаккан талапкерди тандай алат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоодо ар бир шайлоочу пропорционалдык добуш берүү системасынын алкагында партияга гана эмес, өзү жактырган талапкерге дагы добушун бере алат. Бул тууралуу "КР президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндөгү" жаңы Конституциялык мыйзамда жазылган.

Эске салсак, ЖКнын VII чакырылышы аралаш шайлоо системасы менен өтөт, башкача айтканда, парламент пропорционалдык система аркылуу ачык тизме менен (54 мандат), ошондой эле бир мандаттуу округ (36) боюнча түзүлөт. Жалпы жонунан мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат шайланат. Шайлоо күнү жарандарга экиден бюллетень берилет. Себеби шайлоодо эки система айкалышкан.

Партияга гана эмес, талапкерге дагы кантип добуш берсе болот?

Биринчи бюллетень (пропорционалдык система менен добуш берүү үчүн) эки бөлүктөн турат. Биринчисинде мурдагыдай эле чүчү кулактын негизинде катар саны аныкталган партиялардын тизмеси жазылган. Ар бир партиянын жанында ичи бош квадрат тартылган. Ага белги коюу менен шайлоочу добушун берет. "Баарына каршы" деген дагы графа бар.

Экинчисинде номер коюлган 54 квадрат болот. Андагы сандар партиянын тизмесиндеги талапкерлердин катар номери катары эсептелет. Шайлоочу өзү тандаган партиядагы бир эле талапкерге добушун бере алат. Добуш берүү үчүн тийиштүү квадратка белги коюу зарыл. Башкача айтканда, талапкерге добуш берүү үчүн анын катар номерин билүү керек. Бул үчүн шайлоо участкаларында бардык талапкерлердин катар номери жазылган стенддер коюлат.

Ар бир партиянын тизмесинде 54 талапкер болгондуктан, бюллетендеги бош квадраттын дагы саны 54 болот.

Партияга гана добуш берип талапкерлерди тандабасам эмне болот?

Анда сиздин добушуңуз тандаган партиянын эсебине кетет.

Талапкерге гана добуш берип, партиялар жазылган талааны бош калтырып койсом эмне болот?

Анда сиздин бюллетень жараксыз деп табылат.

Мага бир эмес, бир нече талапкер жаккандыктан алардын баарына тең добуш берип салсам эмне болот?

Бул учурда дагы бюллетень жараксыз болуп калат.

Округ боюнча бир мандаттуу шайлоонун дагы бюллетени ушундай эле болобу?

Округ боюнча бир мандаттуу шайлоо жөнөкөй схема менен өтмөкчү. Шайлоочу анын округу боюнча ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен өзү жактырган адамдын аты-жөнү жазылган жерге белги коюп коёт.

1996
Белгилер:
Кыргызстан, парламенттик шайлоо, эреже
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (31)
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгилүү болду
ЖК депутаттарын жаңы эреже менен шайлоо. Жапаров мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен

Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту

11
(жаңыланган 22:46 21.09.2021)
Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Садыр Жапаров встретился с председателем Сената Олий Мажлиса Узбекистана, прибывшей в страну с официальным визитом. 21 сентября 2021 года
    Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР встретился с председателем Сената Олий Мажлиса Узбекистана Танзилой Нарбаевой, прибывшей в страну с официальным визитом. 21 сентября 2021 года
    Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчы Өзбекстандын парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын мартында президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Олий Мажлис сенатынын төрайымы Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болгон жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубатчылык тилеген каалоосун жеткирди. Өзбекстандын парламенти Жапаровдун Ташкентке болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда Жапаров кесиптеши Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

11
Белгилер:
Өзбекстан, Садыр Жапаров, жолугушуу, Танзила Нарбаева
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
Жапаров суучул Шуликонун рекордун каттатуу үчүн 500 миң сом бөлдү
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Зулушевдин сөзүнөн кийин Ташиев Жеенчороевге чалганы белгилүү болду

1371
(жаңыланган 21:56 21.09.2021)
Бүгүн парламентте тармактык комитеттин жыйынында депутат башкы прокурор ага иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Мирлан Жеенчороевдин кайым айтышуусунан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө телефон чалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга Жеенчороев өзү тастыктады.

Эл өкүлү "Ташиев ага иш козгоо үчүн кандайдыр бир илинчек изделип жатат" деген кепти төгүндөгөнүн белгиледи.

Депутат Жогорку Кенеша Мирлан Жээнчороев. Архивное фото
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат Мирлан Жеенчороев
"Камчыбек Кыдыршаевич менен сүйлөшүп, такташып алдык. Айтылып жаткан кептер жөн гана ушак экени ырасталды", — деди Жеенчороев.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат башкы прокурор иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

Ага башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" деп жооп берген. 

1371
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Мирлан Жээнчороев, сүйлөшүүлөр
Тема боюнча
Тазабек Икрамов Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоого чакырды. Видео