Аткаминер портфель менен. Архив

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди. Соңку тизме

1326
(жаңыланган 20:24 03.09.2021)
Президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Депутаттар аралаш шайлоо системасы менен тандалат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин 75 саясий партия билдиргенин Боршайкомдун маалымат кызматы кабарлады.

Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү бүгүн, 3-сентябрда, саат 18:00дө аяктады.

БШКга кайрылган 75 партиянын тизмеси:

1. "Социал-демократтар";

2. "Улуттар биримдиги";

3. "Ишеним";

4. "Альянс";

5. Кыргызстандын "жашылдар" партиясы;

6. "Жаратман эл";

7. "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия";

8. "Ата Мекен";

9. "Ыйман нуру";

10. "Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы;

11. "Актив";

12. "Бийлик элге";

13. "Акыйкат Кыргызстан";

14. "Ар-намыс";

15. "Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы";

16. "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы;

17. "Азаттык" демократиялык партиясы;

18. "Ынтымак";

19. "Аалам";

20. "Тилектештик";

21. "Ак асаба";

22. "Ак бата";

23. "Социалист";

24. "Жаңы мезгил";

25. "Күчтүү регион";

26. "Бүтүн Кыргызстан";

27. "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы";

28. "Адилет";

29. "Аруузат — эл куту";

30. "Ата-Журт Кыргызстан";

31. "Мекенчил эл";

32. "Бирге Вместе";

33. "Жаңы ЭРА";

34. "Биздин эл";

35. "Келечек-Будущее";

36. "Элдик партия";

37. "Менин мекеним" элдик партиясы (Народная партия "Моя отчизна");

38. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы";

39. "Биздин эл";

40. "Замандаш";

41. "Күчтүү регион";

42. "Жаңы мезгил";

43. "Асыл-Мурас жаштар";

44. Кыргызстандын либералдык-демократиялык "Багыт" партиясы;

45. "Чоң Казат";

46. "Улутман";

47. "Эмгек";

48. "Аманат";

49. "Ордо";

50. "Асаба" (Национальное возрождения "Асаба");

51. "Либералдык-прогрессивдүү партия" (Либерально-Прогрессивная партия);

52. "Айкөл Кыргызстан";

53. "Кыргызстан элинин конгресси" (Конгресс народов Кыргызстана);

54. "Элдик аракет партиясы" (Партия народного действия);

55. "Нур";

56. "Элдик көзөмөл" (Народный контроль);

57. "Тынчтык";

58. "Эгемен Кыргызстан";

59. "Легалайз";

60. "Адам укуктары" (Права человека);

61. "Мурас";

62. "Чындык";

63. "Реформа";

64. "Ак ниет";

65. "Ак санат";

66. "Кыргызстандын фермердик партиясы" (Крестьянская (фермерская) партия Кыргызстана);

67. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары партиясы" (Молодежная Прогрессивная Партия Кыргызстана);

68. "Кыргызстан";

69. "Баба дыйкан";

70. "Ак-Шам";

71. "Ашар-Алтан";

72. "Эркин Кыргызстан";

73. "Эне журөгү";

74. "Кыргызстан элинин ынтымагы" (Содружество народов Кыргызстана);

75. "Улуу журт".

1326
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, парламент, шайлоо, саясый партия, БШК
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (40)
Тема боюнча
Жактырган талапкерге добуш бере аласыз. Парламенттик шайлоодогу жаңы эреже
ЖК депутаттарын жаңы эреже менен шайлоо. Жапаров мыйзамга кол койду
Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов. Архив

Президент Алмамбет Шыкмаматовду кызматтан бошотту

114
(жаңыланган 15:03 28.09.2021)
Буга чейин Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин белгилеп, аткарган иши үчүн ыраазычылыгын айткан.

Шыкмаматов бул кызматка быйылкы жылдын февраль айында дайындалган.

114
Белгилер:
Алмамбет Шыкмаматов, кызмат, Садыр Жапаров, министр, шайлоо
Тема боюнча
Бюллетендерди топтоп салгандыктан аймактык комиссиянын жетекчилери бошотулду
Саясат таануучу Азамат Темиркулов. Архив

Темиркулов: партиялардын көбү 5%дык босогодон өтөрү күмөн

14
Саясат таануучу Азамат Темиркулов келе жаткан шайлоолор боюнча күмөн жараткан жагдайлардын көп болуп жатканын белгиледи.

Партиялардын мүчөлөрү дагы бир мандаттуу округдан талапкер боло алат. Мындан улам кайра эле партиялар Жогорку Кеңешке келип калабы деген суроо жаралат. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Темиркулов: партиялардын көбү 5%дык босогодон өтөрү күмөн

Анын айтымында, бир мандаттуу округдан талапкер болгон партия мүчөлөрү уюмдун ресурсун колдонуп өтүп кетиши ыктымал.

"Шайлоо системасында түшүнүксүз жагдайлар бар. Партиялык системада жана бир мандаттуу округдан шайлоо өткөнү турат. Ошол эле учурда партиянын мүчөсү бир мандаттуу округдан аттанса, бул мыйзамга каршы келбейт. Башкача айтканда, бир мандаттуу округдан талапкер болгондор партия менен дагы шайлоого барса кандай болот? Мыйзам боюнча бир партия 10 миң үгүттөөчү алууга уруксат берилет. Бир мандаттуу округдан аттанып жаткан кайсы бир партиянын мүчөсү мына ошол партиянын ресурсу менен өтүп алышы ыктымал. Ошондо эч кандай партияга мүчө эмес талапкерлер өтпөй калып, кайра эле партиялар Жогорку Кеңешке келип калабы деген суроо жаралат. Анын үстүнө бул шайлоого мурдагы партиялар дээрлик катышкан жок. Азыр шайлоого аттануу ниетин 70тен ашык партия билдирди. Аын ичинен 20сы эле катышса, алардын ар биринде 10 миңден үгүттөөчүсү, жалпы миңден ашык талапкер болот. Анын үстүнө мурдагы эски партиялар катышкан жок. Көпчүлүгү жаңы түзүлгөндөр. Мунун баары бири-бири менен атаандашып отуруп, жыйынтыгында беш пайыз босогодон өтө албай калгандары арбыйт. Натыйжада нааразы болгондор дагы көбөйөт. Анын үстүнө шайлоонун алдында бир топ саясатчыларды камоо, коркутуу жүрүүдө. Ошондуктан бул шайлоонун жыйынтыгы кандай болору белгисиз", — деди Темиркулов.

Ошондой эле ал өзгөрүлгөн шайлоо системасын шайлоочулар толук түшүнө электигин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

14
Белгилер:
Азамат Темиркулов, шайлоо, саясат, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (40)
Тема боюнча
Усупбекова: округдук шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай жашоо керек
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

625
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

625
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти