Путин: ашыкча саясатташуу эмес, пандемияга каршы биргелешкен күрөш керек

© AP Photo / Francois MoriМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Бардыгын унутуп салып пандемия жана анын кесепети менен күрөшүү адамзат үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кээ бир өлкөлөрдүн пандемияга байланышкан нерселердин бардыгын саясатташтыра бериши чоң катачылык, себеби бүт дүйнө вакцина менен коргоно алган жок, бул бумеранг болуп кайтып келет. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатканда айтты.

"Менин көз карашымда бардыгын унутуп, артка таштап салып туруп пандемия жана анын кесепети менен күрөшүү андан дагы маанилүү. Бул адамзат үчүн болуп көрбөгөндөй мааниге ээ", — деген Путин.

Окумуштуулар, илимпоздор коронавирусту алсыратыш үчүн планетанын жашоочулары сөзсүз түрдө вакцина алышы керектигин тынбай эскертип келет. Ал тургай эки башка өндүрүштөн чыккан вакциналарды айкалыштырып алуу туурасында да айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0