Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана биринчи орун басары болуп Марс Исаев
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана биринчи орун басары болуп Марс Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Бүгүн Ош шаарында калаа жетекчисинин орун басарлары алмашты. Дайындоолор боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ош шаарында мэрге жаңы орун басарлар дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.

Калаа жетекчисинин биринчи орун басары болуп Марс Исаев бекитилди. Исаев буга чейин Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон. Биринчи вице-мэрлик кызматты Замир Юсупов аркалап келген.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМарс Исаев
Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Марс Исаев

Андан тышкары, Сонунбек Жунусбаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектемей болду. Бул милдетти ага чейин Асылбек Топчубаев аткарган.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСонунбек Жунусбаев
Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Сонунбек Жунусбаев

Дайындоолор боюнча буйрукка бүгүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0