Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. Архив

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев иштен кетип, ордуна башка келди

377
(жаңыланган 11:19 07.09.2021)
Кыргызстандын коргоо министри президенттин жарлыгы менен алмашты. Маалыматка караганда, Өмүралиев башка кызматка кеткен.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим Өмүралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Коргоо министрлигин Бактыбек Бекболотов жетектемей болду.

377
Белгилер:
Таалайбек Өмүралиев, кызмат
Тема боюнча
Улукбек Мариповдун биринчи орун басары дайындалды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты

194
(жаңыланган 21:51 20.09.2021)
Бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26 адам жаракат алган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу Россия лидери Владимир Путинге жана Россия элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун кесепетинен адам курмандыктары болгон окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Ошентип, шектүү кармалган.

194
Белгилер:
Россия, Пермь, ок чыгаруу, өлүм, полиция
Тема боюнча
Пермь университетинде студент ок чыгарып, 8 киши каза тапты. Видео
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив

16 батир, 18 жер. УКМК Абдраимов жана жакындарына тиешелүү мүлктөрдү санады. Сүрөт

372
(жаңыланган 20:18 20.09.2021)
Чүйдүн мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовго тиешелүү делип 16 батир, 18 жер тилкеси, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа жана дагы бир топ мүлктөр туурасында маалымат тарады.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. УКМК Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Днын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

  • Установлены факты незаконного обогащения бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    УКМК Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Д. мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    Коопсуздук кызматы жарыялаган инициалдар жакында эле ИИМ суракка үйүнөн алып кеткен Чүйдүн экс-жетекчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун (Дүйшөналиевич) аты-жөнүнө туура келип жатат
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип жатканы айтылган эле
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    УКМК Чүй облусунун мурдагы жетекчисинин ишин тергеп жатканда төмөнкүлөр аныкталды деп билдирди
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    УКМК 16 батирден тарта бир нече автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы чала бүткөн курулуш объектилерине чейин жарыялады
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    УКМК кармалган мурдагы облус башчынын жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланды деп кошумчалаган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Имущества подозреваемого в незаконном обогащении бывшего полномочного представителя правительства в Чуйской области А.Т.Д
    УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталган.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 7
© Фото / пресс-служба ГКНБ
УКМК Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Д. мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады

Коопсуздук кызматы жарыялаган инициалдар жакында эле ИИМ суракка үйүнөн алып кеткен Чүйдүн экс-жетекчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун (Дүйшөналиевич) аты-жөнүнө туура келип жатат. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип жатканы айтылган эле.

УКМК Чүй облусунун мурдагы жетекчисинин ишин тергеп жатканда төмөнкүлөр аныкталды деп билдирди.

"Тергөө учурунда А.Т.Д. жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн активдерин көбөйткөн. Легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы аныкталды. Ошондой эле Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салганы белгилүү болду. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган", — деп айтылат таратылган маалыматта.

УКМК 16 батирден тарта бир нече автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы чала бүткөн курулуш объектилерине чейин жарыялады.

"Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, А.Т.Д. жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган", — деп айтылат маалыматта.

УКМК кармалган мурдагы облус башчынын жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланды деп кошумчалаган.

Иш чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталган. Мунун алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Эске салсак, Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

372
Белгилер:
Кыргызстан, УКМК, кармоо, сурак, батир, байлык, Туйгунаалы Абдраимов
Тема боюнча
Жактоочу: Курсан Асанов кайрадан кармалды
Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды
Сыркоологон кыз. Архив

Начар иммунитеттин алты белгиси. Буларды тоготпой коюуга болбойт

0
Организм ээсине дарыгерге кайрылып, толук текшерүүдөн өтүүгө мезгил келгендиги боюнча белги бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Иммунореабилитация жана алдын ала эскертүүчү медицина боюнча жеке клиниканын илимий жетекчиси Ольга Шуппо "Доктор Питер" порталына алсыз иммунитеттин тоготпой койгонго болбой турган алты белгиси тууралуу айтып берген.

Адамдын организми бири-бири менен байланышта болгон өтө татаал система. Андыктан чачтын кургашын же белдин бир нече сантиметрге чоңоюп кетишине шампунду алмаштыруу же диетага отура коюу дайыма эле жардам бере албайт. Балким, бул терапевтке же иммунологго кайрылып, толук текшерүүдөн өтүүгө берилген белги болушу мүмкүн.

1. Дайыма чарчай бергендей абалда жүрүү

Ойгонгондо эле чарчоо сезими бар. Көптөр ушундай маанайда болот. Бул иммунитеттин алсыздыгы эле эмес, стресстен кийин нерв системаларынын калыбына келишине жоопкер болгон бөйрөктүн үстүндөгү бездердин дисбалансы. Дайыма кыжаалат болуп же бир нерсеге тынчсызданып жүргөн кишилерде аталган бездердин алсыз болуп калуу тобокелдиги жогору. Мында ал стресстин гормондорун көп бөлүп чыгарат. Анын башка клеткаларга, органдарга тийгизген таасиринен улам жүрөктүн кагышы тездеп, кан тамырлар ичкерип, иммунитет алсырайт. Тамак сиңирүү жана сырткы факторго туруштук берүү начарлайт.

2. Ич чыгып кеткенде

Адам чымыр же арык болсо деле ич чыгып калат. Ашыкча салмак деле жок, анда эмне болуп жатат? Ал  курсактын ич жагында майдын топтолушунан улам болот. Бул стресстин жана канда кортизолдун көбөйүп кетишинин белгиси. Дал ушул гормон кишиге казы байлатат. Айтмакчы, мындан улам адамда богок пайда болот. Башка дагы бир жагымсыз нерсе – дайыма болгон стресстин иммунитетти "жей" бериши.

3. Эске тутуунун начарлашы

Бул да иммунитеттин начарлашына байланыштуу. Кеп өнөкөт стресс жана калкан бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу маселе туурасында болуп жатат. Аталган бездин начар иштешинен адамдын тез реакциясы жайлап, анын айынан эске тутуу жабыркайт.

4. Учуктун (герпес) көп чыгышы

Ал эринге, жыныс мүчөлөргө чыгышы мүмкүн. Бул коргоочу системанын начарлашынан кабар берет. Организм кадимки калыбында болсо, ичтеги өнөкөт инфекцияны басып коёт, эгерде иммунитет алсырай баштаса, вирус активдешет. Учук ай сайын чыгышы мүмкүн. 

5. Аллергиялык реакциялар

Аллергендерге каршы тура албоочулук да организмде бир мандем бар экенин кабарлайт. Организм пайда болгон факторго кантип реакция кылууну билбегендиктен, вирустук бактерияларга каршы тура албай, анысын аллергия түрүндө көрсөтөт.

6. Чач түшүп, чыканактын терисинин кургашы

Бул калкан бездин гипотиреозасынан кабар берет. Жакшы иммунитет жана калкан бездин кадимкидей иштеши абдан маанилүү. Аталган безге стресстин таасиринин кесепети оңбогондой. Бул  — эске тутуунун начарлашы, чачтын түшүүсү, чыканактын кургашы сыяктуу дагы бир топко узарган тизме.

0
Белгилер:
ден соолук, иммунитет, стресс
Тема боюнча
Кан басымы жогору адамдар кайсы эрежелерди карманышы керек
COVID интеллектини эмне үчүн жабыркатарын невролог түшүндүрүп берди