Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме учурунда

Марипов шайлоого даярдануу, кыш камын көрүү боюнча министрлерге тапшырма берди

107
(жаңыланган 01:00 07.09.2021)
Марипов Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча даярдык иштеринин сапаттуу жүрүшү маанилүү экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

  • Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов во время совещания с членами кабмина по актуальным социально-экономическим вопросам. 06 сентября 2021 года
    Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов во время совещания с членами кабмина по актуальным социально-экономическим вопросам. 06 сентября 2021 года
    Жыйын алдында министрлерге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиевди тааныштырып, ага жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Заместитель председателя кабинета министров, министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров на совещании кабмина
    Кеңешменин жүрүшүндө Марипов Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча даярдык иштеринин майнаптуу жүрүшү маанилүү экендигин белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Члены Кабинета Министров КР на совещании по актуальным социально-экономическим вопросам
    Мындан тышкары, күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү боюнча бардык даярдык иштерин жыйынтыктоону тапшырды.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 4
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү

Марипов жыйын алдында мүчөлөргө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиевди тааныштырып, ага жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалады.

Кеңешменин жүрүшүндө төрага Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча даярдык иштеринин майнаптуу жүрүшү маанилүү экендигин белгиледи.

"Парламенттик шайлоону уюштурууга жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү, ошондой эле тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүү зарыл", – деп белгилеген ал.

Мындан тышкары, күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү боюнча бардык даярдык иштерин жыйынтыктоону тапшырды.

"Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү керек. Ошондой эле күйүүчү майга тийиштүү учурдагы маселелерди чечүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү", – деген Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилген.

107
Белгилер:
Кыргызстан, Улукбек Марипов, Азиз Аалиев, парламенттик шайлоо, тапшырма
Тема боюнча
Улукбек Мариповдун биринчи орун басары дайындалды
Марипов шахтерлорду кесиптик майрамы менен куттуктады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

99
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

99
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив

БУУ: дүйнө өзөктүк куралдан жок болуп кетүү коркунучунда турат

42
Антониу Гутерриш берген маалыматка караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнө коомчулугу өзөктүк куралдардан улам жок болуп кетүү алдында турат. Мындай пикирин бүгүн БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтты.

РИА Новости анын Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазганына караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.

"Адам баласы ушул тапта өзөктүк куралдын көптүгүнөн улам жок болуп кетүү коркунучуна мурда болуп көрбөгөндай жакын турат. Андыктан ал куралдарды жок кылып, мындан ары ишеним жана сый-урмат менен жашоого чакырам. Ядролук коркунучту жоготууга кез келди. Дүйнөдө ансыз дагы кооптуу нерселер көп", — деди Гутерриш.

Сөзүнүн аягында ал акыркы жылдары өзөктүк куралы бар мамлекеттер модернизациялоо иштерин жүргүзүп, ким күчтүү экенин далилдөө үчүн жарышка түшүп жатканын кошумчалады.

42
Белгилер:
БУУ, Антониу Гутерриш, коркунучтар, өзөктүк курал
Тема боюнча
Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту