Жыйындагы Жогорку Кеңештин депутаттары. Архив

Эл өкүлү депутаттардын телефонун тыңшаткан судьяны иштен алууну сунуштады

165
(жаңыланган 11:08 08.09.2021)
Буга чейин ИИМ октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында бир ай бою ондогон саясатчынын телефонун тыңшаганын билдирген.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Эл өкүлү Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын телефон сүйлөшүүсүн тыңшаганына тынчсыздануусун билдирди.

 Депутат от фракции СДПК Дастан Бекешев на заседании Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

Ал муну менен парламентарийлердин Конституцияда жазылган кол тийбестигин эске албаганын белгилеп жатат.

"Жакында эле уктук, 6-январда ИИМ сотко кайрылып, үч депутат жана активисттердин телефон сүйлөшүүсүн тыңшаган. Депутаттардын кол тийбестиги бар, бирок сот ага карабай уруксат берген. Мен билем, саясатчыларды дайым тыңшап келишкен, бирок мыйзамдуулук болуш керек да. Анда "депутаттарды уга берсе болот" деп Конституцияга жазып коёлу", — деди Бекешев.

Депутаттын пикирин кесиптеши Мирлан Жээнчороев да кубаттап тыңшоого уруксат берген судьяны иштен алууга чакырды.

Депутат Жогорку Кенеша Мирлан Жээнчороев на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев
"Жогорку Кеңештин атынан Жогорку соттун Тартип комиссиясына кат жөнөтүшүбүз керек. Чыңгыз Бердимуратов деген сот (Биринчи май райондук сотунун судьясы — ред.) мыйзамды одоно бузду. Ал мунун негизинде иштен алынышы керек. Себеби ЖК депутатына парламенттин уруксаты менен иш козголгондон кийин гана тергөө жүрөт", — деди Жээнчороев.

Натыйжада бүгүн парламентке тийиштүү органдардын башчыларын чакырып, бул маселенин чоо-жайын сурамай болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын 6-январынан 10-февралына чейин ондогон саясатчынын телефонун тыңшаганын билдирген.

165
Белгилер:
Жогрку Кеңеш, тыңшоо, депутат, Мирлан Жээнчороев, Дастан Бекешев
Тема боюнча
ИИМ 100дөй кыргызстандыктын телефон сүйлөшүүсү тыңшалганын тастыктады, бирок...
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

62
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

62
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
Сот балкасы. Архив

Жогорку сот Улуттук банктын экс-төрагасынын өкүмүн жокко чыгарды

121
Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата чыккан соттун өкүмү жокко чыгарылды. Иш кайра каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды. Ал ошондой эле Жогорку сот Алапаевге карата чыккан соттун чечимин (15 жылга кесилген) кайра кароону тапшырганын маалымдады. Алапаев "Ысык-Көл" банкын рейдерлик менен басып алууга айыпталган. Абдылдаев ушул эле иш боюнча Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев сыртынан камалганын да белгилеген.

"2021-жылдын 18-августунда Жогорку соттун кылмыш иши жана жоруктар боюнча коллегиясынын ачык соттук жыйынында адвокат Мощиндин өтүнүчү жана Башкы прокуратуранын прокурорунун жаңы ачылган жагдайлардан улам Марат Алапаевдин ишин кайра кароо боюнча корутундусу талкууланган", — деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 20-октябрында чыгарган чечими менен Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик эреже бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы чечими жокко чыгарылды. Алапаевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн прокурорго берилди.

"Белгилей кетсек, бул кылмыш иши ачык соттук жыйында каралып, "сыр" деген грифке тиешеси жок. Ошондой эле бул иш боюнча айыпталган башка фигуранттардын иши кайра каралган жок", — дешти Жогорку соттон.

Максим Бакиев — Курманбек Бакиевдин уулу, ал эми Жаныш — анын бир тууганы. Үчөө тең түрдүү иштер боюнча сыртынан соттолгон.

 

121
Белгилер:
Кыргызстан, Курманбек Бакиев, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Соттордун чечими жокко чыгып, Келдибековдун иши кайра каралмай болду
Ош шаардык соту Кылыч Саркарбаевди актады. Прокуратура облустук сотко даттанат
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

0
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди