Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура 3 депутаттын телефонун тыңшоого уруксат берген себебин айтты

375
(жаңыланган 16:19 08.09.2021)
Башкы прокурордун орун басары депутаттардын телефонун тыңшоодо мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Парламентте үстүбүздөгү жылдын башында Ички иштер министрлиги ондогон саясатчынын жана ЖК депутаттарынын телефон сүйлөшүүсүн тыңшаганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев тыңшоо Октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында 6-январдан 10-февралга чейин соттун уруксаты менен жүргүзүлгөнүн айтып, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн чоо-жайы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев ЖК депутаттарынын Конституцияда жазылган кол тийбестиги бузулганын белгилеп, башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге кайрылды.

"Азыркы мыйзамдар боюнча депутатты жеке текшерүүгө жана тинтүүгө алууга болбойт. Ал эми жоопко тартуу үчүн башкы прокурор Жогорку Кеңешке кайрылып макулдугун алат. Бир гана ушул учурда ЖКнын макулдугу керек. Ал эми телефон сүйлөшүүсүн тыңшоого жалпы негиздеги иштин алкагында соттон санкция ала алат. Бул Жазык-процессуалдык кодексинин 472-беренесинде так жазылган", — деди Ишеналиев.

Андан соң Бекешев "телефон тыңшоого жетиштүү негиз болгонун текшердиңерби" деп сурады. Ал ишти карап көрүп анан сотко кайрылганын, ал эми тыңшоонун натыйжасында эмне аныкталганын тергөө бүтө электигине таянып айтуудан баш тартты.

Депутат сүйлөшүүлөрдү тыңшоо дагы кол тийбестикке кирерин белгилеп, баары бир мыйзам бузуу болду деп эсептей турганын билдирди.

375
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, тыңшоо, депутат, Турусбек Ишеналиев
Тема боюнча
Эл өкүлү депутаттардын телефонун тыңшаткан судьяны иштен алууну сунуштады
ИИМ 100дөй кыргызстандыктын телефон сүйлөшүүсү тыңшалганын тастыктады, бирок...
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. Архив

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

0
(жаңыланган 11:17 21.09.2021)
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков Афганистандагы абалдан улам ЖККУнун аскердик окутуулары көбөйгөнүн белгиледи.

ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга өзүнүн алар менен күрөшүүгө даярдыгы тууралуу белги болот. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

Анын айтымында, ЖККУ жылына ар кандай багыттагы окутууларды өткөрүп турат.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары жөн эле окутуу эмес. Анда байланыш системасын, штабдын башкаруусун, куралдардын колдонулуусу, жаңы куралдардын эффективдүүлүгү, аймактагы рельефке жараша кайсы атуучу куралдарды колдонуу окутулат. Аны көргөн террордук топтордун чалгынчылары уюм терроризм менен күрөшүүгө канчалык даярдыгын билип, кооптонуп турушат. Натыйжада жакынкы убакта же келечекте кандайдыр бир деңгээлдеги чатактарды чыгаруудан сестенишет", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУнун Тажикстанда, Кыргызстанда бирден, Россия, Казакстанда экиден батальону бар экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Артур Медетбеков, ЖККУ, Россия, коопсуздук
Тема боюнча
ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

4
(жаңыланган 11:09 21.09.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин баштагандар талапкер катары катталбай турганын айтты.

Жабык реклама методуна салып, эксперттердин пикири же дагы башка деген таризде мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин жасагандар жазаланат. БШКнын аларды талапкер кылып каттабай коюу укугу бар. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

Анын айтымында, кандайдыр бир эл чогулган жерлерде азыртадан үгүт иштерин жүргүзүп жаткандарды жарандар видеого тартып БШКга жиберсе болот.

"Мыйзамда үгүт иштерине бир ай убакыт бөлүнгөн. Ал шайлоо өтөр күнгө толук бир ай калганда башталат. Быйыл бул октябрдын соңку күндөрүнө туура келет. Эгер кимдир бирөө ушул убакытка чейин ар кандай иш-чараларда өздөрүн агитациялап же ачык эле элди чогултуп алып "мени шайлап койгула" деп жатса, алар талапкер катары катталбайт. Бирок муну далилдеген видеолор болушу шарт. Видеого ар бир эле кыргызстандык тартып, БШКга жиберсе болот. Ошону менен катар эле учурда иштеп жаткан депутаттар тигил же бул аймакка барып, мекемелердин ачылышына же башка иштерге катышып кала турган болсо, биз аларды тыя албайбыз. Анткени бул эл өкүлдөрү, учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизинде барып жатат", — деди Жылкыбаев.

Ал социалдык тармактарда белгиленген убакыттан эрте үгүт иштерин баштаган бир мандаттуу талапкерлер да, партиялар да мыйзам чегинде жазаланып, талапкерлик тизмеден четтетилерин кошумчалады.

4
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, шайлоо, Жогорку Кеңеш, мыйзам, үгүт
Тема боюнча
Жактырган талапкерге добуш бере аласыз. Парламенттик шайлоодогу жаңы эреже