Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив

Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек

3458
(жаңыланган 16:54 08.09.2021)
Эл өкүлү күч органдарынын жетекчилерин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген берене бар экенин эске алууга чакырды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев күч органдарынын алдына УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов менен экс-министр Молдомуса Конгантиевдин сүрөтүн илип коюуну сунуштады.

Учурда парламент Ички иштер министрлиги ондогон саясатчынын жана ЖК депутаттарынын телефон сүйлөшүүсүн тыңшаганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

"Азыр "биздин укугубуз бар, баары мыйзамдуу" деген жооп менен чектелдиңер. Бирок "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси бар экенин эске алып коюңуздар. Бийлик өзгөргөнү менен система ошол бойдон калат. Күч органдары адилеттүү иштөөгө аракет кылсаңыздар. УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун түрмөдөн чыгып, Молдомуса Конгантиевдин (мурдагы ИИМ башчысы) сабалып элден кечирим сураган сүрөтүн бул жерге илип коюш керек. Заман тез эле өзгөрөт. Ошондуктан, урматтуу күч органдарынын жетекчилери, эсиңерге келгиле, саясий ишмерлерди аңдып, тыңшагандан майнап чыкпайт", — деди Акаев.

Ошондой эле депутат бир жыл мурунку окуяны айтып мисал келтирди.

"2020-жыл, 18-февраль "Садыр Жапаровго боштондук" штабына тыңшоо коюлду" дейт. Бир жыл мурун алар мындай ишти туура эмес деп айыптап чыгышкан. "Келме кезек, терме тезек" деп коёт, ошондуктан адам укугун коргой турган баалуулуктардан тайбашыбыз керек", — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, ИИМ октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында бир ай бою жүздөй адамдын, анын ичинде саясатчылардын жана ЖКнын үч депутатынын телефону тыңшалганын билдирген.

3458
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, тыңшоо, депутат, Жанар Акаев, ИИМ
Тема боюнча
ИИМ 100дөй кыргызстандыктын телефон сүйлөшүүсү тыңшалганын тастыктады, бирок...
Башкы прокуратура 3 депутаттын телефонун тыңшоого уруксат берген себебин айтты
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив

БУУ: дүйнө өзөктүк куралдан жок болуп кетүү коркунучунда турат

1
Антониу Гутерриш берген маалыматка караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнө коомчулугу өзөктүк куралдардан улам жок болуп кетүү алдында турат. Мындай пикирин бүгүн БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтты.

РИА Новости анын Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазганына караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.

"Адам баласы ушул тапта өзөктүк куралдын көптүгүнөн улам жок болуп кетүү коркунучуна мурда болуп көрбөгөндай жакын турат. Андыктан ал куралдарды жок кылып, мындан ары ишеним жана сый-урмат менен жашоого чакырам. Ядролук коркунучту жоготууга кез келди. Дүйнөдө ансыз дагы кооптуу нерселер көп", — деди Гутерриш.

Сөзүнүн аягында ал акыркы жылдары өзөктүк куралы бар мамлекеттер модернизациялоо иштерин жүргүзүп, ким күчтүү экенин далилдөө үчүн жарышка түшүп жатканын кошумчалады.

1
Белгилер:
БУУ, Антониу Гутерриш, коркунучтар, өзөктүк курал
Тема боюнча
Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары алкагында эл менен жолугушуу учурунда

Жапаров: добуш берүүгө кийлигишкен мамлекеттик кызматкер катуу жазаланат

91
(жаңыланган 17:06 26.09.2021)
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ар бир мамлекеттик органдын алдына шайлоонун таза жана ачык өтүүсүн камсыздоо боюнча катуу талаптар коюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары учурунда эл менен жолукканда айтты.

Чогулган эл өлкө башчыга алдыда боло турган шайлоо боюнча суроо берди.

"Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар мурдагыдан айырмаланып өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер добуш берүүгө кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чара көрүлөт", — деди Жапаров.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген. Учурда бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин арызы кабыл алынууда.

91
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Марат Иманкулов: шайлоодо дарыгер менен мугалимдерди колдонгондор катуу жазаланат
ЖК депутаты парламенттик шайлоону үч күн өткөрүүнү сунуштады