Исхак Пирматов мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы депутат Исхак Пирматов. Архив
Мурдагы депутат Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Мурда УКМКнын абагына киргизилген экс-депутат Пирматов 22-июлда үй камагына чыгарылган эле.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мурдагы депутат Исхак Пирматов коррупцияга күнөөлүү деп аныкталып, мамлекеттин пайдасына 300 000 сом өлчөмүндөгү айып төлөмөй болду. Бул туурасында Биринчи май райондук соту кабарлды.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 9-сентябрдагы өкүмүнө ылайык, И.А.Пирматов Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, мамлекеттин пайдасына 300 000 сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди", — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, Исхак Пирматов 31-майда кармалган. Ал эми 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Саясатчы Кумтөр иши боюнча коррупциялык ишке шектелген болчу. Ал эми 22-июлда бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан чыгарылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0