Аскер кызматкери Рубеж — 2021 окуу-машыгуусу учурунда

Афганистанга айбат. "Рубеж 2021" машыгуусунун күч-дарамети

304
(жаңыланган 14:15 10.09.2021)
Аскердик эксперттер Афганистандагы туруксуз кырдаал ЖККУ мамлекеттеринин өз ара мамилесине жана Өзбекстан менен кызматташуунун моделине таасир тийгизет деген пикирде.

Кечээ, 9-сентябрь күнү, Кыргызстанда ЖККУнын Тез аракет келүүчү жамааттык күчтөрүнүн "Рубеж — 2021" деп аталган окуу-машыгуусу соңуна чыкты. Эки күнгө созулган иш-чарага Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын Куралдуу күчтөрү катышкан.

Машыгуу максатына жетти. Бириккен армия сценарий боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттин бирине кол салган топтун жолун бууп, жок кылган. Бул тууралуу окутуунун жабылышында сүйлөп жатып ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров билдирди.

Ал эми аскердик эскперттер "Рубеж— 2021" Афганистан менен чектешкен аймактагы абалды турукташтыруу үчүн башка кыйыр маселелерди кошо чечти деген пикирде.

Кырдаал кооптуу

ЖККУ алкагында мындай машыгуулар байма-бай өтүп турат, 20 жыл ичинде биргелешкен окутуулар 10 ирет болгон. Акыркысын Афганистанда "Талибан"* кыймылынын бийликке келиши менен абалдын чыңалышы шарттаганын Россия Илимдер академиясынын Дүйнө экономикасы жана эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери, аскердик эксперт Илья Крамник айтып берди.

"Бүгүнкү күндө ЖККУга мүчө-мамлекеттер Афганистан тараптан кооптуулук жаралган маалда аракетке келүү механизмин иштеп чыгуулары керек", — деди ал.

Эксперт "Талибан" Россияда азыркыга чейин тыюу салынган уюм экенин, БУУнун Коопсуздук кеңешинин террордук тизмесинен да чыга электигин эске салды.

Машыгуунун ачылыш салтанатында Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов "контртеррордук операцияларды" жүргүзүп, согуштук ыкмаларды үйрөнүү "Жакынкы Чыгыштагы абал барган сайын чыңалып жаткандыктан" зарыл экенин белгиледи.

Борбор Азиядагы кырдаал кооптуу экенине Анатолий Сидоров да токтолгон. Анын айтымында, абал "Тажикстан менен чектешкен Афганистанда бийликке талибдердин келиши" менен курчуп кетти.

Террордук кооптуулук күч экенин Тажикстан бийлигинин "Рубеж — 2021ге" аскерлерин катыштырбоо боюнча чечими да тастыктап турарын аскердик эксперт Юрия Лямин да тастыктады. Биричиден, машыгуу өтүп жаткан маалда Тажикстанда республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик параддар болду. Экинчиден, октябрда ЖККУ тажик-афган чек арасында жаңы машыгуу өткөрөт.

Россия курал-жарагы

"Россия — Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүн салыштыра келгенде ЖККУ күчтөрүнүн негизи болуп саналат, — дейт Юрий Лямин. — Эгер Борбор Азия региону үчүн кооптуулук жаралса, Россия чабуулдун мизин кайтарууга жардам берери шексиз. Бул тууралуу РФ бийлиги да бир нече жолу айткан".

Бул пикирди сандар да тастыктап турат. Борбор Азия регионунун Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда "Рубеж — 2021" өткөн Кыргызстандагы "Эдельвейс" полигонуна 1000ден ашуун аскер адамы келген. Анын дээрлик теңин Россиянын аскер контингенти түзөт. Мындан тышкары, РФ танк, бронетранспортер, аскер машиналары, ок атуучу комплекстер, Ми-8 тик учактары, "Тигр" сооттолгон автоунаалары сыяктуу 120 техника берген.

"Машыгууда көп катмарлуу тапшырма каралган, — дейт аскердик эксперт, отставкадагы полковник Виктор Литовкин. — Чек араны коргоо менен бирге техниканы ыкчам, майнаптуу, ырааты менен колдонууну билүү керек. Бул бири-бири менен туура иштеше билүүдөн көз каранды. Бир армия деле ушул максатты көздөйт, ал эми бул жерде үч мамлекеттин жоокерлери тууралуу сөз болуп жатат".

Литовкин Россия Кыргызстандын коопсуздукту камсыздоосуна өзгөчө көңүл бурарын эскертти. Чүйдөгү "Кант" аэродрому структуралык жактан Россиянын Аскер-аба күчтөрү менен Абадан коргонуу күчтөрүнүн 14-армиясынын курамында.

"Россия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн деңгээлин жогорулатууга катышып, заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдып келет", — деди Литовкин.

Эксперт Россия 2019-жылы Кыргызстанга эки тик учак, 9 сооттолгон машина белек кылганын мисал келтирди (мындан тышкары, ошол эле жылы россия Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүн жаңылап, кошумча курулуш үчүн 48,5 миллион доллар бөлгөн). Буга катар россиялык аскерлер кыргызстандык офицерлерди берилген техниканы туура пайдаланууга машыктырып келет. Демек, Россия афган кооптуулугуна чейин эле Борбор Азия өлкөлөрү менен бир катарда туруп келген, ал эми азыркы кооптуу учурда союздаш мамлекеттердин чек арасын коргоого эселеп аракет кылмакчы.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, "Кант" авиабазасында бир эле учурда эки бутаны жок кылууга жөндөмдүү Су-25СМ учактары, төрт тоннага чейин жүк ташый алчу атайын жабдуу менен жабдылган Ми-8МТВ5-1 тик учактары бар. Мындай жагдай түнкүсүн көрүүчү көз айнектерди пайдаланууга жана түн ичинде учууга жол ачат.

Биримдиктин күчү

Кыргызстанда өткөн машыгууларга сереп салып жатып эки аспектини бөлүп кароого болот дейт Илья Крамник. Биринчиси — коюлган максат. Сценарий боюнча, ЖККУга мүчө-мамлекеттин бирине кол салган согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн уюм армиясын тез арада ошол жакка жөнөтүшү керек.

"Ар кандай мыйзамсыз топторду жок кылуу жана өз ара иштешүүнү ыраатка келтирүү машыгуунун негизги учурлары болду, — дейт Крамник. — Кимдин ким менен байланышта болору, маалымат алмашуу кандай жүрөрү алдын ала такталышы керек. Ал эми күчтөрдү өз учурунда окуя болгон жерге жеткирүү да абдан маанилүү, анткени Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы аралык бир топ, мындан улам тез арада ыңгайлуу жолун табуу абзел".

Машыгуунун экинчи маанилүү жери — ЖККУ күчтөрүнүн ырааттуулугун жана Россия менен Борбор Азия регионунун саясий биримдигин көрсөтүү. Крамниктин пикирине Виктор Литовкин да кошулат.

"Афган кооптуулугу мамлекеттерди бириктирди, — дейт ал. — Казакстан Афганистан менен чектешпейт, бирок радикалдар Өзбекстан же Тажикстандын чек арасы аркылуу өтүп кете турган болсо, террор кооптуулугу бүтүндөй аймакка жайылат. Россия бул жерде бардык республикалардын чек арасын бекемдеген элементтин ролун аткармакчы".

Ляминдин айтымында, уюмдун катарынан 2012-жылы чыгып кеткен Өзбекстандын да ЖККУ менен кызматташканы жакшы.

"Өзбекстандын ЖККУга кайра кирери күмөн, бирок уюм аталган республика менен кызматташууга даяр экенин билдирүүдө. Президент Шавкат Мирзиёев ЖККУнун августтагы саммитине конок катары чакырылды. Ташкент да азыркы кырдаал кооптуу экенин түшүнүп турат, мындан улам ЖККУ менен кызматташуу диапазонун кеңейтет деген ойдомун", — деди Лямин.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

304
Белгилер:
Афганистан, ЖККУ, машыгуу, окутуу, Россия, Кыргызстан, Аскер, армия, күч
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (233)
Тема боюнча
"Жол бербешибиз керек": Батыш Россия менен Кытайды алдамак болдубу?
Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов. Архив

Президент Алмамбет Шыкмаматовду кызматтан бошотту

114
(жаңыланган 15:03 28.09.2021)
Буга чейин Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин белгилеп, аткарган иши үчүн ыраазычылыгын айткан.

Шыкмаматов бул кызматка быйылкы жылдын февраль айында дайындалган.

114
Белгилер:
Алмамбет Шыкмаматов, кызмат, Садыр Жапаров, министр, шайлоо
Тема боюнча
Бюллетендерди топтоп салгандыктан аймактык комиссиянын жетекчилери бошотулду
Саясат таануучу Азамат Темиркулов. Архив

Темиркулов: партиялардын көбү 5%дык босогодон өтөрү күмөн

14
Саясат таануучу Азамат Темиркулов келе жаткан шайлоолор боюнча күмөн жараткан жагдайлардын көп болуп жатканын белгиледи.

Партиялардын мүчөлөрү дагы бир мандаттуу округдан талапкер боло алат. Мындан улам кайра эле партиялар Жогорку Кеңешке келип калабы деген суроо жаралат. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Темиркулов: партиялардын көбү 5%дык босогодон өтөрү күмөн

Анын айтымында, бир мандаттуу округдан талапкер болгон партия мүчөлөрү уюмдун ресурсун колдонуп өтүп кетиши ыктымал.

"Шайлоо системасында түшүнүксүз жагдайлар бар. Партиялык системада жана бир мандаттуу округдан шайлоо өткөнү турат. Ошол эле учурда партиянын мүчөсү бир мандаттуу округдан аттанса, бул мыйзамга каршы келбейт. Башкача айтканда, бир мандаттуу округдан талапкер болгондор партия менен дагы шайлоого барса кандай болот? Мыйзам боюнча бир партия 10 миң үгүттөөчү алууга уруксат берилет. Бир мандаттуу округдан аттанып жаткан кайсы бир партиянын мүчөсү мына ошол партиянын ресурсу менен өтүп алышы ыктымал. Ошондо эч кандай партияга мүчө эмес талапкерлер өтпөй калып, кайра эле партиялар Жогорку Кеңешке келип калабы деген суроо жаралат. Анын үстүнө бул шайлоого мурдагы партиялар дээрлик катышкан жок. Азыр шайлоого аттануу ниетин 70тен ашык партия билдирди. Аын ичинен 20сы эле катышса, алардын ар биринде 10 миңден үгүттөөчүсү, жалпы миңден ашык талапкер болот. Анын үстүнө мурдагы эски партиялар катышкан жок. Көпчүлүгү жаңы түзүлгөндөр. Мунун баары бири-бири менен атаандашып отуруп, жыйынтыгында беш пайыз босогодон өтө албай калгандары арбыйт. Натыйжада нааразы болгондор дагы көбөйөт. Анын үстүнө шайлоонун алдында бир топ саясатчыларды камоо, коркутуу жүрүүдө. Ошондуктан бул шайлоонун жыйынтыгы кандай болору белгисиз", — деди Темиркулов.

Ошондой эле ал өзгөрүлгөн шайлоо системасын шайлоочулар толук түшүнө электигин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

14
Белгилер:
Азамат Темиркулов, шайлоо, саясат, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Усупбекова: округдук шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай жашоо керек
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

579
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

579
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти