Бишкектеги кыргыз-түрк форумунда бир катар документтерге кол коюлду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси учурунда
Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Тараптар тоо-кен, айлана-чөйрө, статистика жаатында кызматташууну макулдашып, бир катар документтерге кол коюшту.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети жана Түркиянын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркиянын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • кеңешменин протоколу.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0