Садыр Жапаров Тажикстанга учуп кетти. Президентти коштогондордун тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларынын Афганистандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна да катышат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Тажикстанга иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы Душанбе шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышат.

"Садыр Жапаров 16-сентябрда ЖККУнун саммитине, ал эми 17-сентябрда ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат", — деп айтылат маалыматта.

ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстандын төрагалыгында өтөт.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларынын Афганистандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков;
  • коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
  • коргоо министри Бактыбек Бекболотов;
  • өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУда Кыргызстандын Улуттук координатору Казыбек Көчкөнов.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0