Жанар Акаев ИИМде сурак берип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жанар Акаев. Архив
Депутат Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Акаев бийликти басып алууга кылган аракети боюнча айыптоолорду күлкү келтирерлик деп атап, бийлик соттун жардамы менен саясатчылардын шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт деп үмүт кыларын айтты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Депутат Жанар Акаев Ички иштер министрлигинин имаратына кирип кеткенден кийин үч сааттан ашык убакытта чыкты.

Саясатчы Туйгунаалы Абдраимов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Милиция Туйгунаалы Абдраимовду суракка алып кетти
Анын айтымында, ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жаткан иш боюнча сурак берди. Ошондой эле ал эки иш (аудиожазуу жана маданият өкүлдөрүнүн кайрылуусу) бир өндүрүшкө бириктирилгенин айтты.

Акаев бийликти басып алууга кылган аракети боюнча айыптоолорду күлкү келтирерлик деп атап, бийлик соттун жардамы менен саясатчылардын шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт деп үмүт кыларын айтты.

Эске салсак, бүгүн депутаттар Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМге суракка чакырылган. Буга чейин аталган саясатчылар бир партияга биригип, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу боюнча сүйлөшүп жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0