БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоодо добуш берип жаткан адамдар. Архив
Шайлоодо добуш берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул күздүн 28-ноябрына белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы система менен парламенттик шайлоону өткөрүүнүн артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу айтты. Ал бүгүн ачык диалогдун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, пропорционалдык системанын артыкчылыгы — шайлоочулар татыктуу деп эсептеген конкреттүү бир талапкерге добуш берүүгө шарт түзүлдү. Ал эми кемчилиги — бир талапкер көп добуш алып, бирок партия беш пайыздык босогону камсыздай албаса мандат берилбейт.

"10-20 талапкер шайлоочулардын аябай жакшы колдоосуна ээ болуп, бирок партиясы 5 пайыздык босогого жетпей калса, мисалы, 100 миң добуш ала албаса, жеңүүчү аталбайт. Бул өтө чоң кемчилик. Демек, бир талапкер райондогу шайлоочулардын жарымынын добушуна ээ болуп, аягында өтпөй калса катуу ызаланат. Мындан чоң тобокелчиликти көрүп турам", — деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0