ЖККУ саммитинде декларация кабыл алынып, бир нече документке кол коюлду. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУ жыйыны учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУ жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары регионалдык коопсуздук жана эл аралык кызматташууну, Афганистандагы кырдаалды, ошондой эле бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы ЖККУ саммитинин жыйынтыгы менен кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты. Жыйындын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары регионалдык коопсуздук жана эл аралык кызматташууну, Афганистандагы кырдаалды, ошондой эле бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты. Саммит Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өткөн. Жыйынга ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышканы маалым болду.

ЖККУ саммитинин жыйынтыгында кол коюлган документтер:

  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн жана каражаттарынын убактылуу жайгашуу иштерине байланыштуу, юрисдикция маселелери жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишим;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо жөнүндө келишим;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2007-жылдын 6-октябрындагы тынчтык орнотуучу ишмердүүлүк жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
  • "Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына арналган иш-чаралар планы жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "ЖККУнун ыкчам чара көрүү күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын каражаттар менен камсыздоо планы жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун корголгон мультисервистик байланыш түйүнүнүн схемасы жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын тынчтык орнотуу маселелери боюнча атайын өкүлү жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекеттер аралык аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын төрагасы жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бириккен штабынын башчысы жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик контингенттеринин курамы жана атайын багыттагы күчтөрүн калыптандыруу жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын отчёту жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2022-жылга бюджети жөнүндө" ЖККУнун Жаматтык коопсуздук кеңешинин чечими;
  • "Уюмдун төрагалыгы, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын убактысы жана өткөрүү орду жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин протоколдук чечими.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0