Зулушевдин сөзүнөн кийин Ташиев Жеенчороевге чалганы белгилүү болду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Бүгүн парламентте тармактык комитеттин жыйынында депутат башкы прокурор ага иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Мирлан Жеенчороевдин кайым айтышуусунан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө телефон чалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга Жеенчороев өзү тастыктады.

Эл өкүлү "Ташиев ага иш козгоо үчүн кандайдыр бир илинчек изделип жатат" деген кепти төгүндөгөнүн белгиледи.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Мирлан Жеенчороев
Зулушевдин сөзүнөн кийин Ташиев Жеенчороевге чалганы белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Депутат Мирлан Жеенчороев
"Камчыбек Кыдыршаевич менен сүйлөшүп, такташып алдык. Айтылып жаткан кептер жөн гана ушак экени ырасталды", — деди Жеенчороев.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат башкы прокурор иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

Ага башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" деп жооп берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0