Депутат: чиновниктер БШК мүчөлөрүнө басым жасап чечим кабыл алдырууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Омурбек Бакиров
Депутат Жогорку Кенеша Омурбек Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Эл өкүлү БШК бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек арасын 14-сентябрда кайра өзгөрткөнү мыйзамсыз болгонун айтууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайлоо округдарын түзүүдө чиновниктер БШК мүчөлөрүнө басым жасаганын билдирди.

Эл өкүлү БШК бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек арасы боюнча 5-сентябрда токтом кабыл алып, бирок аны 14-сентябрда кайра өзгөрткөнү мыйзамсыз болгонун айтууда. Мындай кадам шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга жол ачканын белгиледи.

"Боршайкомдун мүчөлөрүнүн ишине чиновниктер, мамлекеттик органдын жетекчилери түздөн-түз кийлигишип, колун кайрып, басым жасап 14-сентябрдагы токтомду кабыл алдырды. Мисалы, Кара-Кулжа районунда 53 миң шайлоочу бар, аны Алай, Чоң-Алай райондоруна кошуп салды. Араван районунда 80 миң шайлоочу бар экенине карабай экиге бөлүп салды. Бул кандайдыр бир чиновниктин кызыкчылыгы үчүн жасалган", — деди Бакиров.

Ал Ош облусунда Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондоруна экиден мандат берилип, башка райондорго бир да мандат берилбегенин айтты.

Эл өкүлү ушундай схемалар эмненин негизинде түзүлгөнүнө түшүндүрмө алуу үчүн БШКнын жетекчилигин чакырууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0