Шайлдабекова партиялар эмнеге добуш сатып алууга аргасыз болорун айтты

© Фото / пресс-служба ЖКБШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Жыйында депутат быйыл да былтыркыдай болуп бийлик колдогон эки партия куралып жатканын айтып, алардын аракетине бөгөт коюуга чакырды.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бир партия административдик ресурсту колдонсо, башкалары ага каржылык ресурсу менен каршы турат. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

Блокнотко жазып жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Курамы
Бүгүн депутаттар бир мандаттуу шайлоо округунун чек араларынын өзгөртүлүшү мыйзам бузууга жатарын айтып, БШКнын жетекчилигин маалымат берүүгө чакырган.

Жыйында депутат Жанар Акаев быйыл да былтыркыдай болуп бийлик колдогон эки партия куралып жатканын айтып, мындан улам президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, алардын аракетине бөгөт коюуга чакырды.

"Туура айтасыз, эгер административдик ресурска бай партия шайлоодо ишин активдүү жүргүзсө, ага тийиштүү деңгээлде атаандаштык кылуу үчүн айрым партиялар финансылык ресурсту колдонот. Алдыдагы шайлоодо мындай тобокелчилик болбошу үчүн бул маселени талкууладык. Президенттин толук түшүнүгү бар, андай болтурбайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышкан партиялар да тең атаандаштык кылуу үчүн административдик ресурска финансылык ресурс каршы турат деп айтышкан. Азыр ошондой көрүнүштөр болуп жатат, мындайды түп-тамырынан жоюшубуз керек", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабды Коопсуздук кеңешинин катчысы жетектегени да мыйзамдуулукту сактоого кепил болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0