Масадыков талибдер дайындаган тышкы иштер министри менен жолукту. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаместитель председателя Совета безопасности Кыргызской Республики Таалатбек Масадыков
Заместитель председателя Совета безопасности Кыргызской Республики Таалатбек Масадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Иш-чара учурундагы сүрөттөрдү Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Жолугушууга Масадыковдон тышкары КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев катышкан.
Жолугушуунун чоо-жайы айтылган жок. 

​Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0