Талибдер Россиянын жардамына үмүт артып турат. Чоо-жайы

© AP Photo / Allauddin KhanДыйкандар апийимдин үрөнүн Кандагар (Афганистан) талаасында жыйнап жатышат. Архив
Дыйкандар апийимдин үрөнүн Кандагар (Афганистан) талаасында жыйнап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Афганистандык министрдин айтымында, Афганистандагы тынчтык, туруктуулук Россия жана башка өлкөлөр үчүн да керек.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Афганистандын жаңы өкмөтү ("Талибан"* өкүлдөрүнөн турган — ред.) баңгизаттардын контрабандалык жол менен тышкы өлкөлөргө чыккан жолун бууп салууга белсенип, Россиянын жардамына ишеним артып турат. Мындай билдирүүнү маданият жана маалымат министри Забиулла Муджахид РИА Новостиге берген маегинде айткан.

"Биз Афганистандан контрабанда жолу менен башка өлкөлөргө кетип жаткан баңгизаттарды токтотолу деген ниеттебиз. Кудай берсе, алардын жолун бууйбуз. Андан сырткары, Афганистанда кара куурай өстүрүү да өтө олуттуу көйгөй. Фермерлерге анын ордуна эмне өстүрүш керектигин сунуштаганыбыз абдан маанилүү. Бул маселелерде көп өлкөлөр, анын ичинде Россия контрабанданын жолдорун жок кылганга жардам бере алышы мүмкүн", — деген Муджахид.

Министрдин айтымына караганда, аталган аймактагы тынчтык, туруктуулук Россия жана башка өлкөлөргө керек. Бирок Муджахид муну менен катар эле Афганистан үчүн алардын ишине башкалардын киришпегени маанилүү экенин кошумчалаган. Мыйзамсыз алынган курал-жаракты контрабанда жолу менен ташып кетүүнү токтотуу, сыртка чыгып кеткен каражаттарды кайтаруу азыркы актуалдуу маселелерден болуп турганын айткан.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0