"Талибан"* Россияны БУУнун санкцияларынан бошотууга көмөктөшүүгө чакырды

© AFP / HOSHANG HASHIMIКабулда Талибан желеги менен киши
Кабулда Талибан желеги менен киши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Афганистандын жаңы өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешинин алдыдагы отурумдарында Кабул олуттуу жана оң натыйжа күтүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россия БУУ менен Афганистандын ортосунда санкциялык кысымды азайтып жана өлкөнү калыбына келтирүүгө ортомчу боло алат. Бул тууралуу РИА Новостиге Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн ("Талибан"* өкүлдөрүнөн турат — ред.) маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Муджахид РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Ал (Россия) биз менен БУУнун ортосунда жаңы ортомчу боло алат. Ошондой эле санкциялык кысымдын деңгээлин төмөндөтүү маселесинде да жардам берет. Биз аймакты жана Афганистандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга, өлкөбүздү калыбына келтирүү процессинде көмөктөшүүнү суранабыз", — деген Муджахид.

Министрдин орун басарынын айтымында, Афганистандын жаңы өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешинин алдыдагы отурумдарында Кабул олуттуу жана оң натыйжа күтөт.

Буга чейин РИА Новостиге Россиянын дүйнөлүк уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинде азырынча чектөө чараларын алып салуу талкуулана электигин, бирок эртели-кеч бул чечилиши зарылдыгын айткан. Ошондой эле россиялык дипломат Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү учурдагы эң курч көйгөй экенин белгилеген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0