Кыргыз бийлиги Сингапурдун реформа жүргүзүү тажрыйбасына кызыкты

© AFP / ROSLAN RAHMANБет капчан аял Сингапурда. Архив
Бет капчан аял Сингапурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Казакбаев Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана тиешелүү инфратүзүмдү түзүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан Сингапур өлкөсүнүн реформа жүргүзүүдөгү тажрыйбасына кызыкдар. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев сингапурлук кесиптеши Вивиан Балакришнан менен жолукканда айтканын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер 24-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында кезигишкен.

Казакбаев "ВСП +" статусун колдонуу менен соода жүгүртүүнү жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана тиешелүү инфратүзүмдү түзүүнү сунуштаган.

"Кыргыз тарап Сингапурдун санариптешүүдөгү тажрыйбасын, мамлекеттик башкаруудагы, соттук жана укук коргоо системаларындагы, ошондой эле индустриялык парктарды түзүү боюнча жүргүзүлгөн реформаларын үйрөнүүгө кызыкдар", — деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар соода жана экономика, укуктук базаны жакшыртуу жана регионалдык коопсуздук боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашкан. Кыргыз тарап ар кандай багыттагы келишимдердин долбоорлорун дагы тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0