Сотко алып келинген Атамбаевди эл сүрөөн менен тосуп алды. Видео

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Мурдагы президент сот залына кирип келгенде анда отургандар "боштондук" деп кыйкырышты. Соттук процессти видеого тартууга тыюу салынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жатат.

Процесске мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик администрациянын экс-жетекчиси Фарид Ниязов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков алып келинди.

Сот залынан тартылган видеону Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жарыялады.

Кадрдан мурдагы президент сот залына кирип келгенде анда отургандар "боштондук" деп кыйкырып, сүрөшкөнүн көрүүгө болот.

Сот процесс башталар алдында журналисттерге видеого тартууга тыюу салды.

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу
2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.

Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0