Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына талапкер сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы сунуштаган талапкер Бакиевдин доорунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады.

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Президент Алмамбет Шыкмаматовду кызматтан бошотту
Калматов мурдагы төрага Толкунбек Абдыгулов өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз бергенин айтып, ЖК депутаттарынан аны жумуштан бошотууну сурады. Ордуна мамлекет башчы Садыр Жапаров Кубанычбек Бөкөнтаевди сунуштаганын айтып, колдоп берүүнү өтүндү.

Кубанычбек Бөкөнтаев Бакиевдин доорунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал ошондой эле Кыргызстандагы депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0