Парламент отставкаңызды кабыл албаса каласызбы? Абдыгуловдун жообу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Учурда парламентте Абдыгуловдун отставкасын кабыл алуу маселеси каралууда. Депутаттардын көпчүлүгү анын ордунда калышын талап кылып жатат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жумуштан кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду ордунда калууга үндөдү.

Эл өкүлү: "Биз азыр сизди кетпесин деп баарыбыз каршы добуш берсек, ордуңузда кала бересизби?" - деп сурады.

Анда Абдыгулов жеке чечимин колдоп беришин өтүндү.

"Улуттук банк үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу ар дайым маанилүү. Кээде келише албай талашып калган учурлар болду. Мен өз ыктыярым менен арыз жазып жатам, сиздер аны колдоп беришиңиздер керек деп ойлойм", — деди Абдыгулов.

Нурбаев: "Эгер биз ошондо дагы "жок, кетпейсиз" деп колдобой койсок эмне кыласыз?" - деп кайра сурады.

Микрофон өчүк болгондуктан Абдыгуловдун ага эмне деп жооп бергени угулган жок.

Учурда парламентте анын отставкасын кабыл алуу маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0