Толкунбек Абдыгуловдун кайсы кызматка барары белгилүү болду

© Фото / Пресс-служба НБКРУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Эл өкүлү Наталья Никитенко Абдыгуловдон кайсы кызматка бара жатканын билер-билбесин сурап, саясий басым болгон жокпу деп кызыкты.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын билдирди.

Белгилей кетсек, учурда парламентте анын отставкасын кабыл алуу маселеси каралууда. Депутаттар Абдыгуловдун кызматтан алынышына негизсиз айыптоолор жана басым болду деп шектенип өзүнүн пикирин угууну талап кылды.

Эл өкүлү Наталья Никитенко Абдыгуловдон кайсы кызматка бара жатканын билер-билбесин сурады.

"Бүгүн президент Садыр Жапаров буйрук чыгарды. Ага ылайык, мен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барам. Себеби, өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын квотасы көбөйтүлгөн. Буга байланыштуу ал жакка барып өлкө бакубатчылыгы үчүн иштешим керек", — деди Абдыгулов.

Ал эми Улуттук банктан кетүүгө саясий басым болгон жокпу деген суроого "эч кандай саясий басым болгон жок" деп жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0