Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив

Дүйнөдө мындай жок. Абдыгулов Ибраев сунуштаган мыйзамдын кооптуулугун айтты

1755
(жаңыланган 16:36 29.09.2021)
Абдыгулов жаңы келе турган жетекчи Улуттук банктын азыркы позициясын мындан ары да коргоп аларына үмүт артты.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов кызматынан кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон финансылык технология боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин сурады.

Аталган демилгени депутаттар Самат Ибраев менен Бактыбек Турусбеков сунуштап, финансылык технология боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Документте Улуттук банкты көз карандысыздыгынан ажыратуу сунушталган. Буга башкы банк каршы чыккан. Ал ортодо депутат Абдыгуловдун дарегине бир катар сын айткан.

Турдумамбетов: "Лобби кылып жаткан мыйзам долбоору мамлекетке жана Улуттук банкка кандай кооптуулук жаратат?" - деп сурады.

"Бул жерде биринчи кезекте түшүнүктү алмаштырып жатышат. Финансылык технология деген атка жамынып, чынында ага тиешеси жок система түртмөлөнүүдө. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу", — деди Абдыгулов.

Ошондой эле ал жаңы келе турган жетекчи Кубанычбек Бөкөнтаевдин Улуттук банктын азыркы позициясын мындан ары да коргоп аларына үмүт артты.

1755
Белгилер:
Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банк, мыйзам долбоору
Тема:
Улуттук банктын төрагасынын алмашышы (18)
Тема боюнча
Парламент отставкаңызды кабыл албаса каласызбы? Абдыгуловдун жообу
Толкунбек Абдыгуловдун кайсы кызматка барары белгилүү болду
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

125
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

125
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов

Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду

659
(жаңыланган 20:59 15.10.2021)
Буга чейинки жетекчи Илияз Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары кызматына кетти. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.

Дагы башка буйругу менен мурдагы башчысы Илияз Иманбетовду ээлеген кызматынан бошотуп, аны финансы министринин биринчи орун басары кылып дайындаган.

Первый заместитель министра финансов КР Илияз Иманбетов. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ГНС КР
Финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов

Жапаров бүгүн Абдуваповду жамаатка таанышырып, салык системасында олуттуу реформаларды жасай турганына ишеним артарын билдирген.

Жаңы жетекчи буга чейин Салык кызматынын төрагасынын орун басары болчу. Бул тармакта 2011-жылдан тарта эмгектенип келет.

659
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, төрага, кызмат, Алтынбек Абдувапов, Илияз Иманбетов, дайындоо
Тема боюнча
Сүйүн Өмүрзаков иштен кетип, министрге жаңы орун басар дайындалды
Кайрат Иманалиев КТРК жетекчисинин милдетин аткармай болду
Оюн учурунда бала. Архив

Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши

0
Психолог балада кичине кезинен эле акча тууралуу негативдүү түшүнүктөр жаралбаш үчүн каржыга байланыштуу көйгөйлөрдү айта бербеш керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баланы финансылык жактан сабаттуу болууга кантип үйрөтсө болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине жеке финансыны башкаруу боюнча адис Наталья Смирнова жана психотерапевт Инна Мальцева айтып берди.

Алгач Смирнова финансылык сабаттуулук тууралуу кыскача түшүндүрмө берди.

"Акчаны туура пайдалануу үчүн аны үнөмдөө жолдорун эмес, туура бөлүштүрүүнү билиш керек. Чыгашаны кирешеден ашырбай, жок эле дегенде үч айлык жашоо-тиричиликке запас акча кармаган кишини финансылык сабаттуулуктун базалык эрежелерин билет деп эсептесек болот. Дагы бир маанилүү нерсе, кредит, ипотека же башка береселерге кеткен акча кирешенин 30 пайызынан ашпашы керек", — деди адис.

Ал эми психолог балага акча жөнүндө негативдүү нерселерди кичине кезинде айтпаш керек деп эсептейт.

"Балага акча тууралуу ар бир куракта ар башкача маалымат берүү керек. Мисалы, жаңы айта баштаганда, акча кантип табыларын түшүндүрсө болот. 4-5-класстарда өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кирешеси канча экенин, анын булактарын билсе ашыкча болбойт. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө канча акча жетпей турганын, үйдө акчага байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экенин ачык айта бергиле. Бирок кичине кезинен эле "акча жок", "жетпейт" деген негативдүү түшүнүктү калыптандырбагыла", — деди Мальцева.

Ошондой эле ал окуучуга жакшы баа алганы же жардам бергени үчүн акча берүү туура эмес экенин айтат. Адистин пикиринде, балага акча ал жөн гана үй-бүлө мүчөсү экени үчүн берилип жатканын түшүндүрүү керек. Ал эми "жетишкендиктери" үчүн ата-энесинен акча алып көнгөн бала кийин дагы ар бир кылган иши үчүн тегеректегилерден бир нерсе күтүп калат.

0
Белгилер:
бала, акча, финансылык сабаттуулук, ата-эне, психология
Тема боюнча
Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши