Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив

Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды

134
(жаңыланган 13:08 29.09.2021)
Абдыгулов жети жылдан бери өлкөнүн башкы банкын жетектеп келген. Башка жумушка которулганына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын айтууда.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды.

Абдыгулов бүгүн парламентке келип президент Садыр Жапаров башка кызматка жөнөтүп жатканына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын билдирди.

Анын Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барары күтүлүүдө.

Жыйында депутаттар анын кызматтан кетишине каршы чыгып, жогорку кызмат адамдары тарабынан басым жасалды деген шектенүүсүн айтышты. Айрым эл өкүлдөрү анын отставкасын кабыл албай коюуга да чакырган. Бирок Абдыгулов парламенттен чечимин колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада 66 депутаттын 62си макул болуп, төртөө каршы чыкты.

Чечим чыккан соң депутаттар Абдыгуловду кол чаап, айрымдары колун кысып, кучактап узатышты.

134
Белгилер:
Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банк, кызмат, Жогорку Кеңеш, добуш, отставка
Тема:
Улуттук банктын төрагасынын алмашышы (18)
Тема боюнча
Парламент отставкаңызды кабыл албаса каласызбы? Абдыгуловдун жообу
Толкунбек Абдыгулов парламентке келип кызматтан кеткен себебин айтты
Толкунбек Абдыгуловдун кайсы кызматка барары белгилүү болду
Кызматтан бошоюн, айтчу сөзүм бар. Абдыгулов депутат Ибраевге жооп берди
Жогорку Кеңештин депутаты Алайбек Анаркулов

Жогорку Кеңештин 41 жаштагы кызматкери депутаттык мандат алды

84
(жаңыланган 17:11 17.10.2021)
41 жаштагы Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан. Анда Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштей турганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 17 окт — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев мандатып тапшырып, ордуна 41 жаштагы Алайбек Анаркулов келди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Чечимди бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алган. Тулендыбаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн арыз берген. Ал "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болчу.

41 жаштагы Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан. Анда Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштей турганын көрсөткөн.

84
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, депутат
Тема боюнча
Ноокаттын мэри менен депутаты 15 млн. сом кымырган деп кармалды. Сүрөт
ЖКга депутат болом деген ниетин 387 киши билдирди
Президенттин креслосу. Архивдик сүрөт

Президенттин администрациясында бөлүмдөрдүн ордуна 4 башкармалык болору айтылды

125
(жаңыланган 15:10 17.10.2021)
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөрүн айткан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президенттин администрациясында азыркы бөлүмдөрдүн ордуна төрт башкармалык иштейт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Анын айтымында, администрациянын тармактык бөлүмдөрү жок кылынды. Алардын ордуна башкармалыктар иш алып барат:

  • чечимдерди даярдоо;
  • укуктук камсыздоо;
  • чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • саясий жана стратегиялык изилдөө.

Башкармалыктын түзүмүндө бир нече бөлүм болору кошумчаланды.

Буга чейин ЖМКлар Чечимдерди даярдоо башкармалыгын качкын президент Курманбек Бакиевдин мурдагы жардамчысы Алтынбек Эргешевдин жетектей турганын айтышкан.

Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөрүн айткан

Администрация азырынча расмий комментарий бере элек.

125
Белгилер:
президенттик администрация, башкармалык, бөлүм
Тема боюнча
Сүйүн Өмүрзаков иштен кетип, министрге жаңы орун басар дайындалды
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

0
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

0
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады