Парламент Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына жактырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУлуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Бөкөнтаев Бакиевдин доорунда, 2006-2010-жылдары, Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.

Бул кызматка аны президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Натыйжада 76 депутат макул, бешөө каршы добуш берди.

Бөкөнтаев аны дайындоо тууралуу президенттин буйругу чыккандан кийин кызматка киришет.

Андан мурун эле ЖК депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алган.

Кубанычбек Бөкөнтаев Бакиевдин доорунда, 2006-2010-жылдары, Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал ошондой эле Кыргызстандагы депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0