Депутат: Улуттук банкты башкарчу Бөкөнтаев мурда бир нече кылмышка айыпталган

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Бөкөнтаев ал убакта банктарды көзөмөлдөө функциясын аркалаган. "Азия универсал банкы" жана "Ысык-Көл инвест" банкы боюнча кылмышка шектелген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук банктын (УБ) төрагалыгына сунушталган Кубанычбек Бөкөнтаев мурда орун басар болуп иштеп турган чакта өлкө кир жуучу машинага айланган. Мындай пикирин ЖК депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Бөкөнтаев 2006-2010-жылдары УБ төрагасынын банктарды көзөмөлдөө боюнча орун басары болуп иштеген.

"Мен жеке өзүңүздү тааныбайм, бирок сиз Курманбек Бакиевдин кадры экениңизди билем. Сиз Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турганда эмне иш кылганыңызды эске салып коёюн. Өлкө акча адалдаштырган кир жуучу машинага айланып калган. Ошол кезде өлкөнүн аброю мышык ыйлаарлык эле. "Азия универсал банкы", "Ысык-Көл инвест" банкы боюнча кылмыш ишине шектелгенсиз. Сиздин тушуңузда канча банк банкрот болгонун айтып бериңизчи? Сиз Россияга барып Борбордук банкынын жетекчилиги менен жолуксаңыз ушул жагдайларды эстетип турушат", — деди Бекешев.

Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Улуттук банкка барчу Бөкөнтаев депутат сунуштаган мыйзам боюнча оюн айтты
Ошондой эле депутат 2010-жылы апрель окуясынан кийин ал эмнеге кызматтан алынып, кылмыш иши козголгонун, кайра соттун чечими кантип жокко чыгарылып калганын айтып беришин сурады.

Бөкөнтаев ага карата ачылган кылмыш иштеринин курамында кылмыштын изи жок болгонуна байланыштуу баары токтотулганын билдирди. Мындан чечим былтыр октябрь айынан кийин жаңы бийлик келген маалда чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0