Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов. Архив

Нышанов: депутаттар 5 аудитордон 100 миң доллардан алды деген кеп тарап жатат

139
(жаңыланган 17:28 29.09.2021)
Эл өкүлү атайын кызмат тарабынан айтылып жаткан сөздүн чын-төгүнү далилденишин талап кылып, төрага Талант Мамытовго кайрылды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөлөрү Эсеп палатасынын беш аудиторунан пара катары 100 миң доллардан алганы тууралуу кеп тарап жатканын айтты.

Ал мындай сөздү кесиптештери таратып жатканын белгилеп, атайын кызматтар чын-төгүнүн далилдеп беришин талап кылды.

"Казакстанга иш сапар менен барганда сүйлөшүп калсак биздин бир депутат "беш аудитор маселесин чечүү үчүн комитетке 100 миң доллардан чогултуп бериптир, бул боюнча атайын кызматтар иштеп жатат" деди. Бул олуттуу айыптоо деп ойлойм. Комитет эгер алган болсо атайын кызматтар текшерип аягына чыгарыш керек. Эгерде албаса, мындай күнөөлөө туура эмес. Ким алса ошонун аты-жөнүн чыгарыш керек. Урматтуу төрага, атайын кызматтарга ушуну текшерүүгө тапшырма бериңиз, тактап алалы", — деди Нышанов.

Аны менен катар депутат Өмүрбек Бакиров аудиторлор ордунда калсын деп чуркап жүргөнүн, ага да келип фракция лидери катары үч окуудан колдоп беришин суранганын айтты. Акча тууралуу кепти эки-үч депутаттан укканын белгиледи.

Белгилей кетсек, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин да Эсеп палатасынын аудиторлору өз мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеши керектиги жазылган. Ал ортодо депутаттар аудиторлордун санын кыскартып, жаңыдан шайлоо боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан.

Нышанов ушуга байланыштуу учурда иштеп жаткан аудиторлор өз ордунда калуу үчүн комитеттин мүчөлөрүнө акча берди деген кеп тараганын айтып жатат.

139
Белгилер:
Сайдулла Нышанов, аудитор, акча, депутат, комитет
Тема боюнча
500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан кыз. Архив

Тизмеге кирүү жол-жобосу. Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого кантип катышат

37
(жаңыланган 14:59 28.10.2021)
Буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катыша турган жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү өнөктүгү 12-ноябрда соңуна чыгарын эскертти.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.

Ал эми буга чейин эле биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат. Бул үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

Элчиликтин расмий сайтынан консулдук каттоого туруу үчүн атайын форманы көчүрүп алуу (кыргыз же орус тилинде);

  • Форманы так жана даана колго толтуруу;
  • Жүзү даана тартылган сүрөтүн чаптоо;
  • Сүрөтү чапталган форма менен улуттук паспортун сканерден өткөрүп элчиликтин msk.ku.kg@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
  • Жогорудагы аракеттер жасалгандан кийин жаран 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоо участкалары Москвада, Санкт-Петербургда, Сургутта, Самарада, Краснодарда, Казанда, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Красноярскиде, Тюменде, Томскиде, Иркутскиде, Хабаровскиде, Владивостокто жана Түштүк-Сахалинде ачылат.

37
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, элчилик, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шайлоо 2021: талапкерлер кайсы телеканалдардан дебатка чыгары белгилүү болду
Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика

Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео

387
(жаңыланган 14:39 28.10.2021)
Кечээ парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Талкуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча дымактуу планын айтып берди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Бул бардык бюджетти кошуп эсептөөдөн чыккан сумма. Ал эми чыгашасы 399,7 миллиард сомду түзүп, профицит 1 миллиард сом болору пландалган.

Консолидацияланган бюджетке төмөнкүлөр кирет:

  • Мамлекеттик бюджет (республикалык жана жергиликтүү) — киреше 302,7 млрд., чыгаша 310,8 млрд., дефицит 8,1 млрд.;
  • Республикалык бюджет — киреше 279,6 млрд., чыгаша 288,7 млрд., дефицит 9,1 млрд.;
  • Социалдык фонд — киреше 38,4 млрд., чыгаша 40,3 млрд., дефицит 1,9 млрд.;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду — киреше 1,9 млрд., чыгашасы да ушул суммага барабар;
  • Активдер жана милдеттемелер — киреше 54,5 млрд., чыгаша 46,6 млрд., профицит 7,9 млрд.

Жыйында депутат Таабалды Тиллаев мындай дымактуу планды колдой турганын айтып, бирок анчалык көп сумманы каяктан табарына кызыгып сурады.

Буга жооп берген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров негизги киреше булагын салык менен бажы тармагынан күтүп жатканын билдирди. Аны менен катар бийликтин саясий эркине ишенип турганын айтты.

"Бажы кызматына 50 миллиард сомдон ашык, Салык кызматына да 50 миллиарддан ашык кошулат. Атайын каражаттар жана салыктык эмес кирешелер менен жалпы жонунан 2 миллиард долларга жакын (болжол менен 170 миллиард сом) кошумча акча табабыз деп жатабыз. Ушунун баары жаңы Салык кодекси менен иреттелет. Бизде саясий эрк бар, мен ошого ишенем. Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15тен 18 тоннага чейин алабыз. Анын таза кирешеси 300дөн 400 миллион долларга чейин барат. Ошентип кен казуучулардан дагы чоң киреше тапканы турабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мурда бажыдан бирөөлөрдүн чөнтөгүнө жыл сайын 1 миллиард долларга чукул акча кетип жатканын кыйытты.

"1 миллиард кетчү беле так билбейм. Бирок эмдиги жылы 50 миллиард сом кошулса, демек, ошончо акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн да. Биз ушунун баарын жокко чыгаруу тапшырмасын алдык. Мен ошондой милдет менен премьер-министр болуп келдим. Эгер салыкчыларды айтсак, ар бир сектор, экономика, дүкөн жегичтердин аянтчасы болуп калган. Акча бюджетке түшпөй эле калкалагандарга берилип кетчү. Ошондой жаман көрүнүштү жокко чыгаруудабыз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Парламенттин шаршемби күнкү жыйынында 2021-жылдын такталган бюджетин бекитүү долбоору да каралып, биринчи окуудан өттү.

Жыл башында Республикалык бюджет 172,9 миллиард сом болуп бекитилген. Ал сумма 188,2 миллиард сомго көтөрүлүп, 15,3 миллиардга өсүп жатат. Ал эми чыгаша 181,3 миллиард сом деп белгиленсе, азыр 207,400 миллиард сомго чыгууда. Демек, жыл башындагы 8,4 миллиард сомдук дефицит 19 миллиард сомго чейин өсөт.

"Чыгашалардын өсүшү социалдык милдеттемелерди каржылоого жана капиталдык салымдарга байланыштуу. Ошондой эле медицина жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга, COVID-19 боюнча компенсация төлөөгө, вакцинацияга, гемодиализге, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, энергетикага, Мамлекеттик ипотекалык компанияга керектелет", — деди финансы министри Алмаз Бакетаев.

Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жок тургундарга айыл өкмөт аркылуу эмес, түз жардам берет.

387
Белгилер:
Акылбек Жапаров, бюджет, акча, Мамлекеттик салык кызматы, РФ Бажы кызматы
Тема боюнча
Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады
Аткаминер. Архив

Кагаздиев Нурдин Маратбекович өмүр баян

0
Нурдин Кагаздиев 1985-жылдын 23-сентябрында туулган. Жогорку билимдүү. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Жусуп Баласын атындагы Улуттук университетти аяктаган.

Эмгек жолу:

  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин дары-дармек жана медициналык каражаттарды сертификациялоо бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин директорунун орун басары;
  • 2021-жылдын октябрь айында Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
0
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, дары-дармек, Өмүр баяны, биография, таржымал
Тема боюнча
Баетов Аяз Батыркулович — өмүр баян
Козубеков Нурбек Азимканович — өмүр баян