Серепчи: парламенттик шайлоодо күтүлбөгөн жыйынтык чыгып калышы да мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовДобуштарды эсептөө учурунда шайлоо комиссиянын кызматкерлери. Архив
Добуштарды эсептөө учурунда шайлоо комиссиянын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Шестаковдун пикиринде, добуш берүүнүн жыйынтыгына парламенттик шайлоонун структурасын түп тамырынан бери өзгөрткөн жаңы шайлоо мыйзамдары таасир этет.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Алдыда болчу Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы эч ким күтпөгөндөй болуп калышы да мүмкүн. Мындай оюн "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун теңтөрагасы Игорь Шестаков билдирди.
Ал КРдин "Альфа" атайын бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен "Пикир" регионалдык эксперттердин клубу биргеликте уюштурган тегерек столго катышты.
Адистин айтымында, мурда парламенттик шайлоолордо бийликтин партиялары фаворит болчу.
© Sputnik / Эркин Садыков"Пикир" регионалдык эксперттер клубунун теңтөрагасы Игорь Шестаков
Круглый стол Сотрудничество КР и РФ в сферах миграции, образования и медицины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Пикир" регионалдык эксперттер клубунун теңтөрагасы Игорь Шестаков
"Бизде бардык шайлоолордо бийликтин партиясы катышчу. Алар сөзсүз өтөрүн элдин баары түшүнчү. Маселе мандаттардын санында болчу. Азыр бизде саясий уюмдар бар, алар өздөрүн бийликтеги партия катары көрсөтүшүүдө, бирок бул шайлоо алардын канчалык деңгээлде бекем түптөлгөнүн ачыкташы керек. Ушул себептен улам дагы шайлоодо чоң интрига бар", — деген Шестаков.
Саясат таануучу жаңы шайлоо мыйзамдары добуш берүүнүн жыйынтыгынын күтүүсүз болуп чыгышына дагы таасир эткен бир фактор болот деп эсептейт.
Карта Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
"Жаңы шайлоо мыйзамынын кемчиликтери дагы бар, анткени ал жаңы. Бул жагдай партияларга пайда келтирбеши мүмкүн. Жаңы шайлоо мыйзамы партиялардын арасында пикир келишпестикти жаратышы мүмкүн, анткени саясий бирикмелерден парламентке ким шайланарын эч ким так билбейт. Талапкерлер партиянын имиджи эмес, өзү үчүн чуркашат", — деп белгилеген эксперт.
Шестаков Кыргызстандагы партиялар эң кыйын учурду баштан кечиришет деп эсептейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0