Фролов Абдыгуловду кызматтан кетирүүгө таасир эткенин кыйытты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Россиялык банкир Абдыгуловдун кызматтан кетиши менен өлкөнүн каржы тармагы реформа жолуна түшөрүн жазган.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Финансылык технология боюнча мыйзам долбооруна эксперт катары чакырылган Владимир Фролов Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетишине аны колдогон адам таасир эткенин кыйытты.
Facebook тармагында Владимир Фролов деп катталган жаран өзүн Кыргызстанга келген эксперт катары тааныштырып, апрель айынан бери түрдүү постторду жазууда. Ал кечээ, 30-сентябрда, баракчасына катталган кыргызстандыктар көбөйүп жатканын, бирок жогорку чегине жеткендиктен кошо албай турганын билдирген.
Анын астына Эдуард Богданов деген колдонуучу Кыргызстандын экономикасы кандай абалда экенин сурап комментарий калтырган.
"Азырынча нөлгө тете. Реформалар ордунан жылбай турат. Бирок негизги тормоз — Борбордук банктын башчысы кечээ кызматтан четтетилди. Азыр эми реформалардын поезди жолго түшүшү мүмкүн", — деп жооп берген Фролов.
Андан соң Богданов аны калкалай турчу адамы эмне кылып жүргөнүнө кызыккан "Сизди чакырып, ишенип отуруп алдыбы? Жардам бербей жатабы?" деп сураган.
"Жардам берип жатат, бул абдан жакшы. Финансы тармагындагы бардык мыйзам долбооруна бут тоскон Борбордук банктын башчысын кызматтан четтетүү оңой иш болмок беле? Жардам бергенде дагы аябай жакшы жардам берүүдө. Пенсиялык мыйзамдар өкмөттөн оң корутунду алды, учурда парламентте талкууланууда. Финтех боюнча да жакында парламентте талкууланат", — деп жазган Фролов.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы бүгүн, 1-октябрда, мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири депутат Самат Ибраев менен байланышып, Владимир Фролов аны менен иштешип жаткан адам Абдыгуловдун кызматтан кетишине таасир эткени боюнча жазганы канчалык жүйөлүү экенин сурады. Эл өкүлү суроолорду WhatsApp аркылуу жөнөтүүнү суранып, жообун кеч берди.
"Улуттук банктын башчысынын кызматтан кетүүсүнө таасир эте аламбы?" деген суроого мен буга чейин жооп бергем. Эгер андай кылгыдай болсом, ал кызматтан эбак кетмек. Өзүңүздөр уккандай эле Абдыгулов жана анын колдоочулары Улуттук банктын мурунку башчысы кызматтан көтөрүлүп, ЭВФте иштей турганын айтышты. Мен анын кызматтан кетүүсүнө салым коштум, ага добуш бердим. Ал эми Владимир Фролов боюнча жакын арада ал сизди кызыктырган маселе боюнча маалымат берет деп ишенем. Мен андан бул жөнүндө сурайм. Маалыматты кишинин өзүнөн алуу дайыма жакшы!" — деген Ибраев.
Белгилей кетсек, Ибраев да, Фролов да бири-бири менен кызматташып жатканын айтышкан. 
Баса, Ибраев үч күн мурда өзүнүн Facebook баракчасына "Тилекке каршы, иштен кетирүүгө (Толкунбек Абдыгуловду — ред.) менин ыйгарым укугум жок", — деп жазган.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алар алдында ага кимдир бирөө тарабынан кысым болгон-болбогонун сурашкан. Экс-төрага иштен өз каалоосу менен эле кетип жатканын билдирген. Бирок айрым эл өкүлдөрү Абдыгуловду кызматтан кетирүү үчүн буга чейин эле кара-пиар башталганын айтышкан.
Финтех боюнча мыйзам долбоорун материалдан окуп, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун каршы чыккан себебин видеодон көрүңүздөр.
Ал эми эксперт катары чакырылып, мыйзам долбоорду түзүүгө жардамдашкан россиялык Владимир Фролов ким экенин билгиңиз келсе, "факты" рубрикасынан окуңуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0