Теспе кармаган киши. Архивдик сүрөт

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар

537
(жаңыланган 17:24 02.10.2021)
Концепцияда басым жасап, чече турган бир нече учурлар белгиленген. Аларды бири – диний окуу жайлары боюнча маселе.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2021-2026-жылдарга жазылган концепциясы боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо максатында чыгарылгандыгын билдирген.

Мындан сырткары, ал "КРдеги дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзамды ишке ашырууну көздөөрү айтылды.

2021-2026-жылдарга КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өлкөнү өнүктүрүүдөгү диндин ордун жана ролун ачып көрсөтүп, диний чөйрөнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүнүн жана башкаруу чараларын көрүүнүн мазмундук алкагын түзөт. Ал мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО), диний бирикмелердин жана жамааттардын, ошондой эле жарандык коомдун башка институттарынын бирге иштешүүсүнүн принциптерин жана механизмдерин аныктайт.

"Мамлекеттик саясаттын чаралары диний чөйрөдөгү өнүгүүгө, өз ара иштешүүгө жана тынчтык курууга багытталган. Мамлекет мыйзамдын үстөмдүгүн, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылат. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты — светтик принципти, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессионалдык кызматташууну өнүктүрүү жана диний бирикмелердин ишин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү", — деп жазылган аталган документте.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл экени айтылган:

  • мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик негиздерин бекемдөө, адамдын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укугун камсыз кылуу, диний жана башка ынанымдарын сыйлоо;
  • диний чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, диний жана коомдук институттардын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуу системасы аркылуу мамлекеттик-конфессиялык мамилелер субъектилеринин потенциалын жогорулатуу жана кызматташтыгын кеңейтүү;
  • диний билим берүү системасына светтик сабактарды киргизүү, ал эми тиешелүү деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү системасына дин таануу сабактарын киргизүү аркылуу диний жана дин таануучу билим берүү системасын өркүндөтүү;
  • диний бирикмелердин толук иштөөсү үчүн шарттарды камсыз кылуу, мыйзамсыз диний иштерге жол бербөө;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары – ЖМК) жана социалдык медиада маалыматтык-түшүндүрүү, агартуу иштерин жандандыруу.

Концепцияда басым жасап, чече турган бир нече учурлар белгиленген. Аларды бири – диний окуу жайлары боюнча маселе.

"Диний окуу жайларына коюлган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары өркүндөтүлүүгө жана аларды сактоо талаптагыдай көзөмөлгө алынууга муктаж. Диний окуу жайларында дин жаатында даярдалган квалификациялуу кадрлардын жана диний сабактар боюнча окутуучулардын жетишсиздиги байкалууда. Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө диний билим алуусуна байланышкан тенденцияларга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасы жок", — деп айтылган.

Документте учурдагы абалга сереп салуу 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгуунун жана аны ишке ашыруунун зарылдыгын көрсөткөнү жазылган.

537
Белгилер:
Кыргызстан, дин, концепция, билим берүү
Тема боюнча
Дин менен салтыбызды чогуу алып кетели. Муфтий Замир кары Ракиев менен маек
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору алмашты
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес

47
(жаңыланган 01:00 22.10.2021)
Россиянын башчысы экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Коммунисттер менен улутчулдарды бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

“Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкөнүн башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50\50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз”, — деди Россия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери аталган Россиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи.

“Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым”, — деди Россиянын башчысы.

Анын айтымында, анын арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсени эстесе болот.

“Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн”, — деди Путин.

Ошондой эле ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

47
Белгилер:
Владимир Путин, тарых, улутчул, коммунист
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды

66
(жаңыланган 23:58 21.10.2021)
Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу Афганистанда негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жардам берүү керектигин билдирди.
Ал бүгүн Валдай форумунда сүйлөп жатат.

“Кырдаал өз убагында жана тийиштүү темп менен жөнгө салынышы үчүн, албетте, Афганистандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү керек”, — деди Путин.

Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу өлкөдө негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

“Бирок акчалары жок болсо, алар кайда барат. Социалдык маселелерин кантип каржылайт?” — деди Путин.

66
Белгилер:
Владимир Путин, Афганистан, экономика, жардам берүү
Тема боюнча
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн
Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды
Афганистан: "Москва форматындагы" сүйлөшүүгө Кыргызстандан Абдуразаков катышууда