Октябрь окуяларына бир жыл… Жээнбековдун командасы учурда кайда?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Туура бир жыл мурун Кыргызстанда бийлик алмашкан. Sputnik Кыргызстан экс-президент Сооронбай Жээнбековдун командасынын мүчөлөрү жана ошол тушта жогорку кызматтагы адамдар азыр кайда жана эмне менен алек экенин тактап чыкты.
2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон.
Натыйжада Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, өкмөт, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондогу өлкө башчысы кызматтан кеткенин 15-октябрда жарыялап, эртеси күнү ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эски Конституциясына ылайык, президент өз аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле айрым мамлекеттик органдардын, атап айтсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, Башкы штаб жана парламенттин макулдугу менен Улуттук банк жетекчилерин жана башкы прокурорду дайындай алчу. Өкмөттү Жогорку Кеңеш шайлаган. Окурмандардын ыңгайлуулугу үчүн ал кездеги бийлик өкүлдөрүн төмөнкүдөй төрт: президенттик аппараттын кызматкерлери, ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин өзүнчө топко бөлүп жаздык.

Сооронбай Жээнбеков

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков
Экс-президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков
Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган. Быйыл 1-февралда ал жубайы менен Сауд Аравиясына кичи ажылыкка аттанып, 15-февралда кайткан. Сыртта жүргөнүндө аны Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча жараянга чакырган.
Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2020
Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү
12-августта мурдагы мамлекет башчысын Кумтөр иши боюнча УКМК суракка алган. Күбө катары ал экинчи ирет 18-сентябрда да чакырылган.
31-августта Жээнбеков Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан. Айтмакчы, ал Садыр Жапаровдун ант берүү аземине да күбө болгон.
Отставкадан кийин экс-президент "Сооронбай Жээнбековдун фондун" түптөгөн, анда азыр өз аппаратынын айрым кызматкерлери иштейт.

Досалы Эсеналиев

2016-2018-жылдары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын директору болгон. 2018-жылдын апрелинде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлыгына келип, бир нече айдан кийин аны жетектеп калган.
Былтыркы октябрь окуялары маалында Эсеналиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна которулган, бирок бир нече күн өтпөй аны ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров иштен кетирген. Досалы мырзанын өзүнүн айтымында, ушул тапта жеке компаниялардын биринде стратегиялык пландоо боюнча консультант-кеңешчи болуп эмгектенет.

Алмамбет Салиев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев
Экс-заместитель руководителя аппарата президента Кыргызстана Алмамбет Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Президенттик аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев
Жээнбеков Ош облустук администрациясын жетектеп турганда бирге иштешкен, кийин премьер-министрликке келгенде жардамчысы, ошондой эле өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгын да аркалаган.
2017-жылдын 11-декабрында президенттик аппарат жетекчисинин орун басары болгон. 2020-жылдын октябрында кызматынан бошотулуп, 2021-жылдын июнунда мамлекеттик кызматта мыйзамсыз байыган деген шек менен кармалган. УКМК Салиевдин президент Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысынын орун басары болуп турганда коррупциялык кылмыштарга катыштыгын жана жеке кызыкчылыкты көздөп укук коргоо органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча текшерүүгө багытталган тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдаган. Өткөн айда Салиевдин иши боюнча тергөө жакын арада аяктап, материалдар сотко берилери кабарланган.

Толгонай Стамалиева

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин мурдагы басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева
Пресс-секретарь президента Кыргызстана Толгонай Стамалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Президенттин мурдагы басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева
Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө алмашкыс басма сөз катчысы болгон. Быйыл мамлекеттин мурдагы башчысынын ажылыкка барышы боюнча да маалыматты Стамалиева берген. Ушул тапта эмне менен алек экендигин суроо үчүн өзү менен байланыша албадык.

Эрнис Толтоев

Узак жылдар бою, Жээнбеков Ош облусун башкарып турганда да, премьер-министр жана президент болгонунда да анын жардамчысы болуп иштеген. Азыр анын алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну пландап жатканы белгилүү.

Данияр Сыдыков

Бир топ жыл Тышкы иштер министрлигинин системасында иштеген. 2016-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине дайындалган. 2018-жылдын март айында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.
2020-жылдын октябрь окуялары маалында Сыдыковдун кабинетинен аралаш күрөш түрлөрү боюнча чемпион Азиз Сатыбалдиев сактоого берген үч кемер жоголгон. Сыдыков кийин алардын бирөө гана кайра кайтарылганын билдирген.
"Жеке иштерим, үй-бүлөм менен алекмин. Кээде мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жаш муунду маданий-социалдык колдоого багытталган "Инновация" коомдук кыймылынын иштерине көмөктөшүп калам. Аларга жергиликтүү жана эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүгө кол кабыш кылам", — деди Сыдыков.
Мурдагы аткаминер эл аралык долбоорлор алкагында консультацияларды өткөрөрүн кошумчалады.

Кеңешбек Дүйшөбаев

© Фото / пресс-служба ЖККоопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев
Общественный деятель, член Временного правительства Кенешбек Дуйшебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев
Милициянын генерал-лейтенанты 2005-жылдагы март окуялары маалында ИИМди тескеген. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин күч органдарынын ишин жөнгө салып, Убактылуу өкмөттүн курамында ички иштер министринин милдетин аткарган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы болгон, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.
Былтыр 15-октябрда Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалып, андан саналуу саат өтпөй Жээнбеков отставкага кетерин жар салган. Эки жумага жетпей Дүйшөбаевди Садыр Жапаров кызматынан бошоткон. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Sputnik Кыргызстанга азыр пенсияда экенин, эс алып жатканын билдирди.

Дастан Жумабеков

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков
Торага Жогорку Кенеша Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков
2017-жылы, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөттү аяктап бараткан учурда эле Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган. Жээнбековдун убагында да ушул кызматында калган. 2020-жылдын 6-октябрында төрагалыктан кетип, бирок мандатын сактап калган. Мурдагыдай эле эл өкүлү, парламенттин жыйындарына катышат. Жайында Жумабеков юмордук видеого тартылып, кесиптештерин шакабалаган. Ал эми июль айында экс-спикер Көк бөрү федерациясынын Талас облусу боюнча бөлүмүн жетектеп калган.

Асылбек Жээнбеков

Сооронбай Жээнбековдун иниси ЖК депутаты болгон, "Биримдик" партиясы менен шайлоого катышкан. Ал "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы жемкорлукка айыпталып, быйыл 1-июнда камакка алынды. Ушул эле иш боюнча Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы бир нече премьер-министр шектелүүдө. Жакында эле сот Асылбек Жээнбековду УКМКнын тергөө абагында 30-ноябрга чейин калтырды.

Экс-премьерлер жана мурдагы өкмөт мүчөлөрү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев. 2018-2020-жылдары өкмөттү жетектеп турган. Радиожыштыктар боюнча жаңжалдан соң кызматын тапшырып кеткен. Ал быйыл 26-январда сурактан кийин камалган. Экс-премьерден жемкорлукка аралашкан жана мыйзамсыз байыган деп шектенишкен. УКМК активдерин мыйзамдаштырууну көздөп Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганын, курулушка каражат салганын маалымдаган. 28-январда Абылгазиев тергөө абагына киргизилип, ден соолугуна байланыштуу дарыланууга жеке клиникага которулган. Августтун аягында баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Абылгазиев келтирген зыяны үчүн мамлекетке 50 миллион сом төлөп берген. Эми ал тергөө аяктаганча үй камагында болмокчу.
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кыргызстана Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов. Абылгазиевден кийинки премьер 2020-жылдын көктөмүндө өкмөттү башкара баштаган. Эпидемияга дейре ал биринчи вице-премьер эле. Октярь окуяларынан кийин отставкага кеткен.
Жыл башында Финансы полициясына суракка чакырылган. Бороновдун тегерегиндегилер азыр ал эч нерсе менен алектенбегенин, неберелерин тарбиялап жатканын маалымдашты.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Алмазбек Баатырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков
Алмазбек Баатырбеков. Бороновдун өкмөтүндө биринчи вице-премьерликти аркалаган. Июнда кармалып, "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда жемкорлук жөнүндөгү иш боюнча УКМКнын тергөө абагына камалды. Кийин маалымат каражаттары Баатырбеков үй камагына чыгарылганын кабарлашты. Өткөн айдын ортосунда анын жактоочусу мурдагы өкмөт мүчөсү ооруканада жатканын, жараян 29-сентябрга жылдырылганын маалымдаган.
Ошол убакта Баатырбеков сотко келди, бирок жыйын жактоочу жана мамлекеттик айыптоочунун жоктугунан улам дагы жылдырылганын маалымат каражаттары жазды.
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев
Заседание Республиканского штаба по реализации экономических мер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев
Эркин Асрандиев. 2017-2020-жылдары Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу тобунун төрагасы болгон. 2020-жылдын февралында экономика маселелери боюнча вице-премьерликке дайындалган. Октябрь окуяларынан кийин Асрандиевге кайрадан вице-премьерлик сунушталган. Бирок Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамына кирүүдөн баш тарткан. Бул кадамын ал 2013-жылы "Ысык-Көл инвестбанктын" консерватору болуп, банкты Жапаровдун эжеси Райкүл жетектеп турган убактагы мыйзамсыз операцияларга байланыштуу документтерди көргөнү менен түшүндүргөн. Жапаров бул айыптоолорго жооп бергени белгилүү.
Жайында Асрандиев кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп жатканын айткан. Ошондой эле ал Кыргыз профессионалдык бокс федерациясын түптөөдө демилгечилердин бири.
"Быйыл январдан тарта IFC (International Finance Corporation — Дүйнөлүк банктын тобунда — ред.) жеке секторду каржылоо маселелери боюнча консультант болуп иштейм", — деп билдирди Асрандиев.
© Фото / пресс-служба Минобороны КРКыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев
Официальный визит министра обороны Турции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев
Таалайбек Өмүралиев. 2011-2014-жылдары коргоо министри болгон. Кийин ага эки кылмыш иши козголуп, экөөнөн тең акталган. 2020-жылдын 9-октябрында Өмүралиевди Башкы штабдын жетекчилигине (иш жүзүндө армия жана бир катар күч органдарынын башчылыгына) дайындашкан. Кийин мекеме кайра уюштурулуп, бул киши коргоо министри болуп калган. Сентябрдын башында кызматынан бошотулган. Ушул тапта Таалайбек Өмүралиев коргоо министринин кеңешчиси экенин маалымдады.
© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын мурдагы ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков
Заседание Совета министров иностранных дел ОДКБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандын мурдагы ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков
Жогоруда айтылгандай, мурдагы ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков "Инновация" коомдук кыймылынын негиздөөчүсү болуп саналат. Расмий сайтында кыймыл аймактардын дараметин жана жергиликтүү лидерликти күчтөндүрүүгө көмөкчү болуп, жаңы технологияларды колдонуу менен өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кол кабыш кылууну көздөйт.
Президент Аскар Акаевдин кетишин талап кылган митингчилер. 21 март 2005 жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Акаев тактан кантип тая баштаган? Түштүктө "жоогазын ыңкылабын" даярдашкандардын баяны
Айдарбеков былтыр октябрдан декабрга дейре президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестициялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп турган. Жакында эле ал Facebook баракчасына жогорку окуу жайлардын биринин эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен "Кыргыз Республикасы глобалдык процесстерде" деген теманы талкуулаганын жазган. Ошондой эле ал КМШнын 30 жылдыгына арналган тегерек столго да катышкан.

Мамлекеттик башка органдардын жетекчилери

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУлуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Председатель Нацбанка КР Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Улуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Толкунбек Абдыгулов. 2014-жылы Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. Кийин бир нече ай өкмөттө биринчи вице-премьер жана вице-премьер болуп иштеген. 2018-жылдын башында кайрадан Улуттук банкты жетектеп калган.
Жакында эле Абдыгулов ушул кызматынан отставкага кетти. Өзү ыктыярдуу түрдө экенин айтууда. Чындыгында буга чейин анын Жогорку Кеңештин эки депутаты менен финтех жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча пикир келишпестиктери узакка созулганы коомчулукка маалым. Андан кийин ал башка ишке которулары айтылып, Абдыгулов Кыргызстандын атынан Эл аралык валюта фондуна кеңешчи болуп калды.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Презентация нового формата проведения госзакупок в Кабинете Министров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Улукбек Марипов. 2011-2015-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кийин мамлекет башчынын аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон. Андан соң Марипов аудиторлукка келип, көп өтпөй Эсеп палатасына башчы болуп дайындалган. Октябрь окуяларынан кийин да ушул кызматында эле. Быйыл февралда анын шыбагасына премьер-министрлик буйруп, жаңы Конституция күчүнө киргенде министрлер кабинетинин төрагалыгын аркалап калды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов
Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов. 2018-жылдын апрелинде башкы прокурор болуп дайындалган. Октябрь окуяларынан соң Жамшитовдун ың-жыңы билинбей, жумушка 11-октябрда гана чыккан. 10 күндөн кийин анын отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Анын ордуна Курманкул Зулушев дайындалды. Парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып азыркы башкы прокурор Жамшитовду издөөгө эч кандай негиз жок экенин айткан. Ушул тапта ал киши катардагы жаран.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын эски төрагасы Орозбек Опумбаев менен байланыша албады. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дамир Сагынбаев жана октябрь окуяларында бир нече күн президенттик аппарат башчылыгын аркалаган Алмаз Кененбаевдин да эмне иш кылары белгисиз. Быйыл апрелде маалымат каражаттарынын бири Кененбаевдин кармалганын кабарлаган, бирок УКМК ал маалыматты төгүндөгөн эле.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев
Мурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев
УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев - Sputnik Кыргызстан
2/4
УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев
© Sputnik / Табылды КадырбековКоопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дамир Сагынбаев
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дамир Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
3/4
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дамир Сагынбаев
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПрезиденттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Кененбаев
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Кененбаев - Sputnik Кыргызстан
4/4
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Кененбаев
1/4
Мурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев
2/4
УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев
3/4
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дамир Сагынбаев
4/4
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Кененбаев
Жаңылыктар түрмөгү
0