Алтынай Өмүрбекова ЕЭКтин Эмгек миграция департаментине жетекчи болду

© Фото / пресс-служба ЕЭКЕЭКтин Эмгек миграция департаментине жетекчиси Алтынай Өмүрбекова
ЕЭКтин Эмгек миграция департаментине жетекчиси Алтынай Өмүрбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын вице-премьери болуп эмгектенген.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграция жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтына жарыяланды.
2016-жылдан бери бул кызматты Паиза Сүюмбаева аркалап келген.
Алтынай Өмүрбекова 1973-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин аяктаган.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын вице-премьери болуп эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0