Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас депутаттык мандатын тапшырды

Депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
УКМК төрагасынын уулу 11-апрелде өткөн шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен мандат алган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев мандатын тапшырды. Маалыматты Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусупбек Бейшенбаев тастыктады.
Анын айтымында, депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазып, кечээ, 4-октябрда, шайлоо комиссиясына тапшырган.
Тай-Мурас Ташиев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу. Ал 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен катышып, мандат алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0