Депутаттар Самат Ибраевдин финтех боюнча мыйзам долбоорун четке кагышты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынына катышкан Улуттук банк менен Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы деген пикиринен кайтпаганын билдирди.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Депутаттар Самат Ибраев жана Бактыбек Турусбеков демилгелеген "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун ("финтех долбоору" деген ат менен көбүрөөк белгилүү) Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети четке какты.
Мындай чечим кабыл алынган жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев коомдо буга чейин чуу жаратып, белгилүү болуп калган долбоорду талкуулабай туруп эле добуш берүүгө чакырды.
Анткен менен эл өкүлү Чыңгыз Макешов сөз алып, экономиканы жаңы маалыматтык технологияларсыз өнүктүрүү мүмкүн эместигин айтты.
"Финтех долбоорлорун колдоп берсек, ал экономикага укмуштуудай түрткү болот. Бул технологиялар аркылуу дүйнөлүк финансы борборлору калыптанып жатат. Мен Кыргызстан финтех аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарынан чыгып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат деп ишенем", — деди Макешов.
Ошондой эле ал Улуттук банкка кайрылып, финтех долбоорун кайрадан иштеп чыгып, демилгелөөнү сунуштады.
Жыйынга катышып отурган Улуттук банк менен Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү дагы мыйзам долбооруна каршы деген пикиринен кайтпаганын билдирди.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун четке кагышты.

"Финтех долбоору" тууралуу

Аталган мыйзам долбоору катуу талкуулана баштаганда ага каршы чыккан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кеткен. Мындан улам парламенттин айрым депутаттары Абдыгуловдун иштен кетишин чуулуу мыйзам долбоору менен байланыштырышты. Ошол эле учурда Абдыгулов анын кызматтан кетишине мыйзам долбоору жана аны сунуштагандар себепкер эместигин айтты.
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Фролов Абдыгуловду кызматтан кетирүүгө таасир эткенин кыйытты
Ал эми мыйзамдын демилгечилери — Саматбек Ибраев жана Бактыбек Турусбеков. Негиздеме-маалым катта айтылган маалыматтар боюнча, финтех — финансы чөйрөсүндө инновацияларды жана технологияларды колдонгон компаниялардан турган тармак. Максаты — финансылык технологиялардын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.
Компаниялар алтынды өз кардарларынын салымдарын камсыз кылуу үчүн алары сунушталган. Алар Улуттук банкта сакталат. Бул сактоо тобокелдигин азайтат жана ошону менен бирге эле Улуттук банктын көзөмөл жүргүзүшү үчүн кошумча инструмент берет.
Финтех салттуу банктарга кадыресе эле атаандаш болушу мүмкүн. Коммерциялык банктардын стартаптарга кысым кылуусун алдын алуу үчүн Улуттук банкта финтехке түз корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүндүгү каралып жатат, бул Улуттук банкка көзөмөлдөөгө кошумча жол ачат.
Жаңылыктар түрмөгү
0