Министрлерди камоого президенттин уруксаты керек эмес. Мыйзам долбоору өзгөрдү

© Photo / Pexels / Kindel MediaКишенчен адам. Иллюстративдик сүрөт
Кишенчен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоору июль айында биринчи окууга киргизилип, коомчулуктун сынына кабылган.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Министрлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга президенттин эмес, башкы прокурордун уруксаты талап кылынат. Мындай норма "Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбооруна киргизилип, экинчи окууга чыгарылды.
Демилгени бүгүн депутат Аалы Карашев алып чыгып, парламентте баяндама жасады.
"Биринчи окууда жазылган "министрлерге президенттин макулдугу менен гана кылмыш иши козголот" деген норма алып салынды. "Мамлекеттик сыйлыгы бар министрлер кабинетинин мүчөсү камакка алына албайт" деген норма да жокко чыгарылды. Бирок аларга башкы прокурордун уруксаты менен гана кылмыш иш козголот. Бул дагы министрлерди жакшы коргоо болуп саналат", — деди Карашев.
Ошондой эле аткаруу бийлигинин ишин президенттик администрация тескей турганын, министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттик администрацияны да жетектеп каларын белгиледи.
Сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Мамлекеттик кызматта 30 жыл иштегендерге 1 млн. сом берүү мыйзамы сунушталды
"Ошол эле учурда министрлердин, орун басарларынын жоопкерчилигин күчөттүк. Өкмөт иш алып барганы үчүн эмес, республикалык бюджетти аткарганы үчүн Жогорку Кеңештин алдында отчет берет. Эгер канааттандырарлык эмес деп тапса, президент жоопкерчилигин карай алат деген конституциялык норманы киргиздик. Ал эми отчет берүү мөөнүтү 15-марттан 1-майга чейин узарды", — деди Карашев.
Белгилей кетсек, "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору июль айында биринчи окууга киргизилип, коомчулуктун сынына кабылган. Анын ичинде акимдерди да президенттин макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталган.
Аалы Карашев аталган сын-пикирлерди эске алуу менен документ өзгөртүлүп экинчи окууга алып келингенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0