Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Депутаттар көбөйөт. Райондук кеңеш түзүп, бюджетин негиздөө сунушталды

308
(жаңыланган 14:03 06.10.2021)
Жыйында баяндама жасаган депутат майда маселелерди жеринде чечүү үчүн райондук бюджетти калыбына келтирүү зарылчылыгы жаралганын белгиледи.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште райондук бюджетти негиздеп, райондук кеңеш түзүү жөнүндө мыйзам долбоору сунушталды.

Парламентке "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамдары бириктирилип, бир мыйзам долбоору катары келди. Аталган документ июль айында биринчи окуудан өткөн, бүгүн өзгөртүү-толуктоолор менен экинчи окууга киргизилди.

Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев майда маселелерди жеринде чечүү үчүн райондук бюджетти калыбына келтирүү сунушталганын билдирди.

"Райондук бюджет кызматкерлерге айлык-акы гана төлөй турган эмес, аймакты өнүктүрүүгө негиз болушу керек. Эгер өзүндө бюджет болсо акимге жеринен маселени чечип коюуга жол ачылат. Ошол эле учурда бюджетти көзөмөлдөө, отчет алуу, социалдык-өнүгүү боюнча экономикалык программаларын караш керек. Буга байланыштуу райондук кеңешти кайрадан калыбына келтирүү сунушталды. Бирок аны түзүүдө шайлоо өткөрүлбөйт. Ал кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынан куралат", — деди Карашев.

Баяндамачынын айтымында, райондук кеңештин курамы элинин санына жараша бекитилет. Мисалы, 100 миңге чейин калкы бар райондо 20-30, калкы 200 миңден ашык болсо 45тен 60 депутатка чейин куралат. Ар бир айылдык кеңешке бирдей квота берилет. Бул демилгени 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке ашыруу пландалууда.

Мындан сырткары, учурда аймактагы бийлик өкүлдөрүн министр дайындап акимдин уруксатын алса, келечекте аким дайындап, министрдин макулдугун алуу сунушталууда. Бирок мунун күч органдарына тиешеси жок.

308
Белгилер:
Аалы Карашев, депутат, аким, кеңеш, бюджет
Тема боюнча
Министрлерди камоого президенттин уруксаты керек эмес. Мыйзам долбоору өзгөрдү
Украинадагы АКШнын аскерлери. Архив

Дүйнөнү селт эттирип... Украина НАТОго кирсе эмне болот?

35
Вашингтон Украинанын Куралдуу күчтөрүн куралдандырууну улантат. Бул тууралуу Американын коргоо министри Ллойд Остин Киевге барганда билдирди.

Пентагон башчысынын айтымында, АКШ бийлиги Киевдин НАТОго умтулушун толук колдойт, буга бөгөт болууга эч кимдин акысы жок. Москвада муну кызыл чийин деп эсептешет. Украинанын Түндүк атлантикалык блокко кабыл алынышы Россия жана дүйнөгө кандай кооптуулук жаратарын Андрей Коц талдап, макала РИА Новости сайтына жарык көрдү.

Кызыл чийин

Остиндин Украинага сапары абдан шаан-шөкөт менен өттү. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кубангандарын жашырбай, өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси дээрлик чечилди деп жатышты. Анткен менен Пентагон башчысы украиналыктарга так деле нерсе убада кылган жок. Суверенитетин жана евроатлантикалык умтулуусун колдой турганын, ошондой эле ачык каалгалар туурасында гана жалпы сөздөрдү айтты.

Кантсе да бул жөн гана сыпайы сапар болбоду. Остиндин учагы Киевге конор алдында Кара деңиздин россиялык Крым жээги тарабынан Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн эки B-1 бомбалоочу учагы өттү. "Силердин чек араңардын жанынан узакка орун алдык" дегенди кыйыткандай кадам болду.

Брюссель да, Вашингтон да Украинага НАТОго кабыл алууга эч кандай кепилдик бербесе да, Кремлдегилер буга абдан олуттуу карашат. Россиялык президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жагдайды Россиянын улуттук кызыкчылыктарынын кызыл чийинин одоно бузуу деп баалады. Эгер украиналыктардын бул көздөгөнү жүзөгө ашып калса, Москва "өз коопсуздугун камсыздоо үчүн абдан активдүү чараларды көрүүгө" аргасыз болот.

Украина мындай билдирүүгө дароо жооп кайтарды. Аталган мамлекеттин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба текебердик менен Киев үчүн бул темада Москванын пикири баары бир экенин айтты.

Россиялык сенатор Алексей Пушков, тескерисинче, бул маселе АКШнын НАТО боюнча европалык союздаштарын өтө түйшөлтө турганын эске салды. Альянстын жаңы мүчөсү үчүн алар өзөктүк держава менен согушууга ниеттенбейт. Анан да бул Батышка көйгөйдөн бөлөк эч нерсе алып келбейт. Кудай жалгап континентте белгисиз бир нерсе үчүн өз жоокерлерин өлүмгө жиберүүнү каалагандар аз. Эксперттер жакынкы келечекте Украинаны Түндүк атлантикалык блокко кабыл алары арсар экендигин айтышат.

РФ Федералдык кеңешинин эл аралык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров Ллойд Остин альянска мүчө болууну долулана талап кылып жаткан киевдик бийликти жошутууга гана келгенин боолголойт.

Кандай болгон күндө да Украина, жакын арада болбосо да, качандыр бир НАТОнун катарында болору толук ыктымал. Америкалыктар бул республиканын Куралдуу күчтөрүн заманбапташтырууга көп каражат жумшады, ал эми алар эч качан пайда көрбөс ишке акча салбайт.

Донбасс маселеси

"Украина чындап эле Россия үчүн — баягы кызыл чийин, НАТОну андан эч убакта өткөрүүгө болбойт, — дейт аскердик илимдердин доктору Константин Сивков. — Себеби жөпжөнөкөй: украиналык калк этникалык жактан орустарга окшош. Маңызында аталган өлкөнүн НАТОго кириши толук кандуу жарандык согушка шарт түзөт. Бул АКШ үчүн абдан пайдалуу.

Пентагон Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн кокус Түндүк атлантикалык альянс менен Россия жаңжалы тутанып кете турган болсо, алдыңкы катарда бара турган биринчи эшелонду түптөөдө".

Эксперттин баамында, Украина НАТОго киргенде анын чыгыш чек араларында заматта Батыштын Уралга чейин да аба жана жер бетиндеги абалга байкоо сала турган чалгындоо аппаратурасы пайда болот. Аркасынан америкалыктар Россиянын ири калааларына дейре тез жете турган Ракетага каршы коргонуу тутумдары, чакан жана орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштырат.

"Донбасс көйгөйү жөнүндө да унуткарбоо зарыл, — деп кошумчалайт Сивков. — Украина НАТОго кирген соң таанылбаган республикалар менен батыш өлкөлөрүнүн жоокерлери согушушу мүмкүн. Анда Донбасс жана Луганск элдик республикалары толук кыйрайт же Россия аларга болушат. Ал эми мындай абал Батыш менен ачык тирешке кептейт".

Андай учурда козголоңчу республикалардын көз карандысыздыгын таанып, аларды Россиянын курамына алуу Кремлдин эң туура кадамы болот деген ойдо эксперт. Батыш дал ушундан чочулайт. Мындан сырткары Россияга батыш чек араларын дагы чыңдоого туура келет.

"Кандай болсо да НАТОдогу Украина — биз үчүн олуттуу коркунуч, ага көз жуумп коюуга болбойт", — деп белгилейт Сивков.

Эреже деген жок

Ушул тапта Украинанын альянска киришине негизги тоскоолдук — Донбасстагы согуш. Уюмдун уставына ылайык чечиле элек аймактык, этникалык же саясий жаңжалдары бар мамлекеттерди мүчөлүккө алышпайт.

Брюсселдегилер да океан ар жагынан берилген белги менен башкалардын согушуна аралашкыдай кемчонтойлор эмес. Алар да кайсы бир эрежелерди сактоо зарылдыгын түшүнүшөт. Бирок эрежелер тургай, эл аралык укуктар деле түндүк атлантикалык блокко мүчө өлкөлөргө Косовонун көз карандысыздыгын таанууга, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок Иракты басып кирүүгө бөгөт боло алган эмес...

"НАТО шантажын улантууда, — дейт Аскердик илимдер академиясынын профессору Сергей Судаков. — Россиянын аталган альянс менен өз ара аракеттешүүсүн өбөлгөлөгөн дипломаттарды бардык түзүмдөрдөн кетирүү алардын акыркы кадамдарынан болду. Кансыз согуш жылдарындагы өз ара ымала түзүү принциптери эскирди. Бүгүнкү күндө билеги күчтүүнүн гана укугу баалуу. Анан, албетте, Украина күчтүүлөрдүн дүйнөсүнө баш багууга ашыгат".

Саясат таануучунун пикиринде, Россия кеминде эле өлкө үчүн эмне кооптуу жана кайсы жагдай коркунуч жаратпай турганын так ажырата турган улуттук коопсуздук концепциясын иштеп чыгууга тийиш. Ал Украина НАТОго кабыл алынгандан кийин Россия чек араларына америкалык "Томагавк" ракеталарын жайгаштырылса, бул согушка түз алып барчу жагдай экенин белгилейт.

"Анткени соңку ирмемге дейре аталган ракеталар кандай бөлүк менен жабдылганын тактай албайбыз, — деп түшүндүрөт Судаков. — Ал стандарттык, майдаланма-фугастык, балким, өзөктүк да болушу мүмкүн. Дүйнөдө абадан коргонуу тутумдарыбыз мыкты жана күчтүү болсо да, бир нече миң "Томагавктан" атылган залпты ооздуктоо өтө кыйын".

Кыязы, кырдаалдын олуттуулугун РФтин Коргоо министрлигиндегилер да баамдашкан көрүнөт, Батыш аскердик округунун күчтөрү батыштын кол салуусунан коргонуу деген уламыш менен командалык-штабдык машыгууларды байма-бай өткөрүүдө.

35
Белгилер:
Украина, НАТО, Россия, кызыкчылык, мамиле, БУУ, Донбасс, каршылык, коркунучтар
Тема боюнча
Россия — Беларусь. Союздук мамлекеттин түптөлүшү, максаты, келечеги
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди

71
(жаңыланган 14:03 22.10.2021)
Россия президенти Владимир Путиндин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынында дүйнөдөгү өзгөрүүлөр, БУУдагы реформа сыяктуу маселелер боюнча өз позициясын билдирди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынында айткандары тууралуу серепчилер пикирин билдирди.

Мисалы, Россия лидеринин "дүйнө түзүлүшү өзгөрүп жаткан учурда ченемдүү консерватизм өзүн-өзү алып жүрүүнүн эң туура жолу" деген пикирин Мамлекеттик думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа толугу менен колдой турганын РИА Новости агенттигинин журналисттерине айтты.

"Биз бүгүнкү күндө ченемдүү консерватизмге умтулуп жатабыз, бирок жете элекпиз. Бул нерсе коомдун негизинин сакталып калышына шарт түзүп, Россияга "коргоочу" болуп бере алат. Жок дегенде биздин эл буга чейин көнгөн жакшы адаттарды сактоого жардам берет. Эгер Путин ушул багытта айтып жаткан болсо, албетте, мен аны колдойм", — деди депутат.

Саясат илимдеринин доктору, профессор Александр Гусев Путиндин бул пикирин ар кайсы өлкөлөрдө колдогондор бар экенин айтып, бирок мамлекет аны ачык айтып чыкпайт деген оюн билдирди.

"Мисалы, ошол эле поляктар менен Прибалтиканын жашоочулары Москва тараптан кандай идея чыкса дагы колдогусу келбейт. Анткен менен ченемдүү консерватизмди Франция, Германия жана Улуу Британия коомчулугу туура көрөт", — деди Гусев.

Ошондой эле Путиндин "Бириккен Улуттар Уюмунан вето берүү укугун алып салса, бирикменин ошол сааттарда күнү бүтөт" деген сөзүн БУУ башкы катчысынын мурдагы орун басары Сергей Орджоникидзе туура деп эсептээрин билдирди.

"Албетте, БУУ вето (тыюу салуу) бере албай калган учурда уюм катары маанисин жоготот. Анткени ар кайсы күчтөрдү баланска келтирип, кармап туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт", — деди Орджоникидзе.

Ал эми Россия лидеринин "БУУнун деңгээлинде артыкчылык жана коркунучтар реестрин түзүп, аны менен иштөө үчүн дүйнөнүн мыкты адистери тартылышы керектигин" айтты.

"Бул бышып жетилген, терең ойлонулган идея. Азыр дүйнө өзгөрүп, жаңы нерселер пайда болуп жаткандыктан, буга БУУ деле кызыкдар болсо керек", — деди эл аралык маселелер боюнча юрист Анатолий Капустин.

Адистин пикиринде, эгер бул сыяктуу маселелер БУУнун деңгээлинде каралса, дүйнө коомчулугунун көңүлү бурулуп, коркунучтарга биргелешип каршы турууга шарттар түзүлөт.

 

71
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Валдай форуму, БУУ, опозиция
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды
Студенттер окуу учурунда. Архив

Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

0
(жаңыланган 16:59 22.10.2021)
Мындай чечим өлкөнүн айрым министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматынын макулдугу менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз бийлиги өлкөнүн билим берүү уюмдарында окуп, иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандыктардын билим берүү процессине катышуусуна уруксат берүү чечими Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча кабыл алынган.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын жогоруда айтылган жарандарынын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Анда КР мектептеринде окуган тажикстандык окуучулар, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле этникалык кыргыздар тууралуу маселе камтылган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, чек ара, Тажикстан, студенттер
Тема боюнча
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет
Баткен: элден чогулган акча кайда жумшалып жатканы айтылды