Жергиликтүү бийлик акимдин көзүн карап калат. Чуулуу мыйзамдын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Жакында акимдердин "укуругу узарып", айыл өкмөт башчысынан мэрлерге чейин дайындап калышы мүмкүн. Аны менен катар өз алдынча башкаруу органы президентке көз каранды болот. Министрлерге ЖК депутаттарындай эле кол тийбестик берилет. Мында жергиликтүү кеңеш "алдан таят".
Sputnik Кыргызстан аткаруу жана жергиликтүү бийликте күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү талдап көрдү.
Учурда аткаруу бийлиги "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамы менен иштеп жатат. Мындан улам жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору жазылды. Ал парламентке биринчи окууга киргизилгенде бир топ сын-пикир айтылган. Бирок депутаттар оңдоп-түзөтүлсүн деген шарт менен колдоп берген. Мыйзамдын автору президент Садыр Жапаров.
Демилге экинчи окууда 6-сентябрь күнү каралып, өзгөртүлгөн варианты тууралуу ЖК депутаты Аалы Карашев баяндама жасады.

"Кол тийгис" министрлер

Өзгөртүлүп жаткан мыйзамдын урунттуу учурлары:
  • министрлер кабинети (МК) президентке баш ийген жана отчет берген, аткаруу бийлигинин жогорку коллегиялуу органы болуп саналат;
  • жаңы шайланган президенттин кызматка киришүүсү министрлер кабинетинин бардык курамынын кызматтан кетүүсүнө алып келет;
  • жыл сайын 1-майдан кечиктирбестен министрлер кабинети республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет. Эгер парламент отчетун канааттандырарлык эмес деп тапса, МКнын жоопкерчилиги президент тарабынан каралат;
  • министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттик администрацияны дагы жетектейт;
  • министрлер кабинетинин төрагасын, мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисин дайындоо талабы күчөтүлөт. Ага ылайык, талапкер жогорку билимге ээ, мамлекеттик, муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес, анын ичинде 5 жыл жетекчилик кызматта иштеши шарт. Ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө жетекчилик кызматта 10 жылдан кем эмес стажы болушу керек;
  • ишкерлик кылууга, коммерциялык уюмда кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынат. Болгон активдерин кызматка киришкен күндөн баштап бир айдын ичинде ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү;
  • кызматка дайындалган 7 жумушчу күндөн кечиктирбей болгон мал-мүлкүн министрлер кабинетинин төрагасына көрсөтөт;
  • министрлер кабинетинин мүчөсүнө карата кылмыш иши башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн. Башкача айтканда, министрлер баш прокурордун уруксаты менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Мыйзамга түшүндүрмө берген Аалы Карашев министрлерди жакшы коргоо үчүн кол тийбестик берилгенин белгиледи.
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Аалы Карашев
Депутат Жогорку Кенеша Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Депутат Аалы Карашев
"Коомчулукта "мурда жөн эле жүргөн, чоң кызматка келгенден кийин мындай болуп кетти" деген сөздөр айтылып келет. Кызыкчылыктардын кагылышы болбошу үчүн кызматка кирип жатканда болгон байлыгы тууралуу декларация тапшыруу жобосун киргизип жатабыз. Ошондой эле ишкерлик кылуусуна тыюу салынат. Мамлекеттик кызматты тандасын же ишкерликке кетсин", — деди Карашев.
Учурда министрлер кабинетинин башында Улукбек Марипов турат, ал эми президенттик администрацияны Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.
Акимдер эбегейсиз бийлик алып, жергиликтүү кеңеш алсырайт
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорлору да каралды. Мында негизинен жергиликтүү бийликтин башчыларын дайындоо жолдору өзгөртүлүп жатат.

Мыйзамдардын урунттуу учурлары:

  • айыл өкмөт башчыларын аким өзү дайындайт. Айылдык кеңештин депутаттары шайлоо укугунан толук ажырайт, бирок ишин эптей албай жатса кызматтан кетирүүнү акимге сунуштайт;
  • райондук бюджет калыптандырылат. Каражатты көзөмөлдөө үчүн райондук кеңеш түзүлөт. Алар өзүнчө шайланып келбейт, айылдык кеңештин депутаттарынан гана куралат. Ар бир кеңеш районго беш-алты өкүл жиберет. Райондук кеңештин курамы калкынын санына жараша 20дан 60ка чейин болот. Муну 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү каралган;
  • аким аймактагы бийлик өкүлдөрүн (күч органдарынан башка) министрдин макулдугу менен дайындоо укугуна ээ болот;
  • аким райондук маанидеги шаарлардын мэрин кызматка коёт;
  • облустук, республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин президент дайындайт. Шаардык кеңеш да шайлоо укугунан ажырайт;
  • мэр, айыл өкмөт болом дегендер алгач конкурска катышып, Кадрлар резервине кириши керек. Алардын талапкерлиги ушул резервден гана алынат;
  • жарандар өзүнүн туулган жеринде мэр, аким, айыл өкмөт башчысы болуп иштей албайт.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов мындай норма кызыкчылыктар кагылышын алдын алуу максатында киргизилгенин айтууда.
© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов
Заместитель министра сельского, лесного и водного хозяйства Нурлан Шерипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов
"Бул чектөө эмес, тескерисинче, башка аймактардан кадрлар объективдүү көз караш менен келет. Туугандык, жердешчилик позицияларына же кандайдыр бир милдеттерге байланбаган, объективдүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга өбөлгө түзгөн демилгелүү кесипкөй адистер келет деген ойдобуз", — деди Шерипов.

Өз алдынча башкаруу органынын принциби бузулууда

Эл өкүлү Каныбек Иманалиев бул мыйзамдар Конституцияны бузуп, жергиликтүү демилгелерди өчүрүп атканын белгиледи.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭл өкүлү Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев
"Мамлекеттик бийлик өйдө жактагысы төмөндөгүсүн дайындайт, өз алдынча бийликти эл же жергиликтүү кеңеш шайлайт. Эми силер таптакыр принципти бузуп жатасыңар. Бул акылга сыйбайт, эксперттер "Түркмөнстанда дагы мындай эмес" деп жатат. Акимдер институтун идеалдаштыргандан алыс болгула, АРИС программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын колдоо үчүн каражат берет. Европа реконструкция өнүктүрүү банкы мэрлер менен иштешет. Ушул сыяктуу программалар токтоп калбашына ким кепил боло алат?" — деп суроо салды Иманалиев.
Мыйзам долбоорлорун жактап жаткан президенттин өкүлдөрү буга жооп берген жок.
Ал эми Рыскелди Момбеков президенттин колуна бардык бийлик берилип жатканын айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Депутат Рыскелди Момбеков
"Президент дайындабай турган мектептин директору менен айылдын имамы калды окшойт. Ал кайсы бирине жетишет? Эбегейсиз бийликти эптеп кете алат деп ишенесиңерби? Бул жаңы мыйзам эмес да, 2010-жылы ушунун айынан ыңкылап чыкпады беле. Эми ушудан ынтымак чыгат деп жатасыңарбы? Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колу-бутун бууп койдуңар", — деди Момбеков.

Ошол жерде туулуп калганы үчүн күнөөлүбү?

Экс-төрага, учурдагы депутат Дастан Жумабеков туулган жеринде иштей албайт деген норманы адам укугун чектөө катары сыпаттады.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Дастан Жумабеков
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Депутат Дастан Жумабеков
"Конституцияда "жергиликтүү башкармаларды өзүңөр шайлап алгыла" деп жазылган. Алар шайлай албаса кантип өздөрүн өнүктүрөт, кантип мамлекетке ишенет? Бул жерде чоң саясий кризис болот. Акимдерди ротация кылгыла, мыйзамдуу түрдө алмаштыргыла, бирок антип укугун чектебегиле. Өз районуна аким боло албаса, ал жерде туулганына күнөөлүү болобу? Ар бир нерсенин чеги болот. Силер адам укугун түздөн-түз чектеп жатасыңар. Бул чоң маселе жаратат", — деди Жумабеков.
Кесиптешинин пикирин колдогон Улукбек Садиков өзүнүн жерине чын жүрөктөн кызмат кылууну каалагандар бар экенин айтып, бул норманы алып салууну сунуштады.
Ал ортодо эл өкүлү Таабалды Тиллаев сөз алып, мыйзамдын демилгечиси президент Садыр Жапаров экенин эске салды.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭл өкүлү Таабалды Тиллаев
Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эл өкүлү Таабалды Тиллаев
"Жаңы Конституцияны өзүбүз, элибиз колдогон. Аткаруу бийлигинин да бардык жоопкерчилигин өзүм мойнума алам деген да. Ошон үчүн ушул мыйзамдын демилгечиси биздин президентибиз. Жоопкерчиликти алып бизге сунуш кылып жатат", — деди Тиллаев.
Андан соң Аманкул Токтомамбетов микрофонго чыгып президенттен келип жаткан мыйзамга көп кыйналбай, суроо берүүгө чек коюуну сунуштады эле колдоо тапты.

Депутаттарга жок дегенде бир мүмкүнчүлүк бергиле

Депутат Шайлообек Атазов бир эле адам баарын чечет деп эмес, эл менен эсептешүү керектигин айтып чыкты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Шайлообек Атазов
Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Депутат Шайлообек Атазов
"Алардын сунуш, пикирин четке кагып акимди "монстр" кыла берүү туура эмес. Тааныш-билиш, коррупция менен келген аким айыл өкмөт башчыга өзүнүн адамын сунуштаса айылдык кеңеш четке кагып коюшу мүмкүн. Депутаттарга бир жолу шайлоо укугун бериш керек. Эгер шайлай албаса, анан аким дайындасын", — деди эл өкүлү.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ассоциациясы" союзунун директору Бектурган Орозбаевдин бардык айыл өкмөттөрдө бул мыйзамга кооптонуу менен карап жатышканын айтты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ассоциациясы" союзунун директору Бектурган Орозбаев
Заместитель директора Союза местных самоуправлений Бектурган Орозбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ассоциациясы" союзунун директору Бектурган Орозбаев
"Бул тарыхый учур болуп жатат. Баш мыйзамда жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органы "аткаруу, өкүлчүлүктүү органын өзү түзүшү керек" деп берилген. Эң идеалдуу формасы түз шайлоо болчу, биз андан кыйыр шайлоого өттүк. Эми акимдерди дайындоого келе турган болсок кеңештер чоң укугунан ажырайт. Кеңеш менен акимчиликтин ортосунда тиреш болуп калбайбы? Жакшы жагы, кадрлар резервинен кесипкөйлөрдү алып дайындоо болуп жатат. Бирок ошол талапкерди жергиликтүү кеңеш шайлап, эгер шайлай албаса аким дайындасын. Ошондо эки тарап тең компромисстик вариантка келмекпиз", — деди Орозбаев.

Ал ортодо кадр даярдап берчү кызмат жоюлганы жатат

Жогоруда мэр, айыл өкмөт башчыларын сырттан эмес кадрлар резервинен гана алынары айтылып жатат. Бирок талкуу учурунда жакында Мамлекеттик кадр кызматы жоюлары белгилүү болду.
"Биз президентти жаманатты кылып жатабыз. Ылдыйдан баштап кадрлар резервин "бул орган түзөт, тиги көзөмөлдөйт" деп баарын иреттеп алып келиш керек эле. Азыр биз баарын жасап алып, эртең Мамлекеттик кадр кызматын жоёбуз. Анан баш-аягын тапканга чейин эки-үч жыл өтөт", — деди депутат Искендер Матраимов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров ал кызмат атын өзгөртсө да заты каларын билдирди. Анын айтымында, президенттик администрациянын алдында кадрлардын резервин түзгөн структура түзүлүшү мүмкүн.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Октябрь окуяларына бир жыл… Жээнбековдун командасы учурда кайда?
Ошондой эле Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча эсеп-чоту бар экенин айтты. Бирок качан ишке ашары азырынча белгисиз.
Натыйжада парламент демилгечилердин өтүнүчү менен аталган мыйзам долбоорлорун бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди. Залда 50гө чукул гана депутат отурганына карабай добуш берүүнүн саны 80-85ке жетип жатты. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул учурду видеого тартып алган.
Мыйзамдар президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Белгилей кетсек, өлкөдө 452 айыл аймак, 32 шаар бар.
Кыргызстан 11-апрелде өткөн референдумдун жыйынтыгында толугу менен президенттик башкарууга өткөн. Мыйзамдарды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн алты айлык убакыт берилген.
Буга чейин облустук бийликти да президенттин облустагы өкүлү деп өзгөртүп, анын башчыларын жана акимдерди дайындоо укугу мамлекет башчыга өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0