Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев. Архив

Соцфонддун төрагасы кызматтан кетти

255
Буга чейин ЖМКлар Орозалиевди иштен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алганын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевдин кызматтан кеткендигин маалымат кызматы тастыктады.

Буга чейин ЖМКлар Орозалиевди иштен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алганын жазып чыгышкан. Маалыматты тактоо үчүн министр менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагалыгына 2021-жылдын май айында келген.

255
Белгилер:
Социалдык фонд, төрага, Жаныбек Орозалиев
Тема боюнча
Нарындын кылмышка аралашты деп шектелген мэри кызматтан кетти
Сом монеталары. Архив

Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын биринчи окууда жактырды

8
(жаңыланган 16:21 27.10.2021)
Документте Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда жактырды.

Салык боюнча жаңы документти биринчи окуудан өткөрүүгө 80 депутат макулдук берип, каршы чыккандар болгон жок.

Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама жасап, мыйзам долбоору салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштырууга, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарт түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.

Муну менен катар Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталууда. Ал эми тигүү, зергерчилик, авиациялык, электробус тармактарында салыктык жеңилдиктер каралган.

8
Белгилер:
салык кодекси, парламент, жактыруу, долбоор
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси
Президенттин, президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү болуп дайындалган Алмасбек Абытов

Президенттин ЖКдагы өкүлү Калматов иштен кетип, ордуна Абытов келди

71
(жаңыланган 16:07 27.10.2021)
Президенттин парламенттеги өкүлү Калматовдун жумуштан бошотулганы белгилүү болду. Анын кызматы Абытовго өтүп жатат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Алмасбек Абытов президенттин, президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды.

Бүгүнкү жыйында вице-спикер Аида Касымалиева аны жаңы кызматка бекитилиши менен куттуктады.

Абытов буга чейин министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү кызматын аркалап келген, эми ал президенттин жана президенттик администрациянын дагы өкүлү катары иштейт.

Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматовдун кызматтан алынганы белгилүү болду. Жеке маалымат булактардын билдирүүсү боюнча Калматов президенттик администрациянын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалат.

Мурдагы катчы Таалайбек Апенов коррупция беренеси менен кармалып, жумуштан алынган.

71
Белгилер:
Анарбек Калматов, Алмасбек Абытов, президент, өкүл, парламент
Тема боюнча
Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министрине орун басар болду
Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайра түзүлүп, Догоев жетектемей болду